Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

УКРАИН ПРЕЗИДЕНТИ ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТЫП ЖИБЕРИШИ ЫКТЫМАЛ


Украина парламенти Жогорку Рада таркатылышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү өлкө президенти Виктор Ющенко бейшемби күнү жасады. Ющенконун айтымында, премьер-министр Виктор Януковичтин коалициялык өкмөттү парламенттик фракциялардын негизинде эмес, жеке инсандарга таянып түзүп, конституцияны бузууда. Янукович болсо парламентти таркатууга Конститциялык сот жол бербейт деген ишенимин билдирди.

Президент Ющенко бейшемби күнү Украинанын чыгышындагы Луганск шаарында сүйлөп, премьер-министр Януковичти өкмөттү парламенттик фракцияларга таянбай түзүп, башмыйзамды бузууда деп күнөөлөдү:

-Конституция парламенттик көпчүлүктү коалициялык фракциялардын негизинде түзүүнү талап кылат. “Фракция” деген сөз элдик депутаттардын коалициясы эмес, а фракциялардын коалициясы экенине көңүл бургум келет.

Бир нече күн илгери Ющенконун бирикмеси жана анын Саргылтым ынкылап маалындагы акылдашы Юлия Тимошенконун блогундагы ондон ашуун адам Януковичтин жетегиндеги башкаруучу каолицияга өтө качкан эле.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Янукович башындагы Региондор партиясы көпчүлүк мандатка ээ болуп, коммунисттер жана социалисттер менен чогуу коалициялык өкмөттү түзгөн. Ал эми 2004- жылкы президенттик шайлоодо Ющенко менен Януковичтин таймашы Саргылтым ынкылаптын чыгышына себеп болуп, батышчыл Ющенкону бийлик башына отургузуу менен аяктаган.

Ющенконун сөзүнчө, аны “бийликти узурпациялоо” күч алып, парламенттик көпчүлүк мыйзамды бузуу менен шайлоочулардын эркине каршы иштерди жасап жатканы да тынчсыздандырат:

–Президент катары мен сиздерди ишендиргим келет: Мен парламенттик көпчүлүктүн конституцияны бузуп өзгөртүүсүнө эч качан жол бербейм. Эгерде ар кандай саясый күчтөр парламентте 300 мандатка жете алабыз деп, парламенттик коалицияда 300 депутат болот деп кайра- кайра жарыялай берсе, саясый чечим кабыл алынат жана биз кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүшүбүз керек болот.

Президент Ющенко өзү башындагы “Биздин Украина элдик бирикмеси” 31-мартта өтчү курултайда “радикалдуу жаңылана” турганын кошумчалады.

Премьер-министр Янукович болсо Конституциялык сот парламентти таркатуу жөнүндөгү президенттин жарлыгын “эч качан бекитпейт” деп, Ющенконун сөзүн “жоопкерсиздик” ирети сыпаттады.
Региондор партиясынын парламенттик фракциясынын мүчөсү Тарас Черновилдин сөзүнчө, эгерде парламентти таркатуу жөнүндө жарлык чыкчу болсо, Жогорку Рада президентке каршы импичмент жараянын баштайт.

XS
SM
MD
LG