Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

УКРАИНА, ДЕМОКРАТИЯ, ДЕМОНСТРАЦИЯ…


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн, 31-мартта, Украинанын баш калаасы Киевде бири-биринен алыс эмес жерде жайгашкан эки аянтта каршылашкан саясий күчтөрдүн массалык демонстрациялары өтөөрү күтүлүп жатат. Ага бир эле учурда парламенттин таркатылышын жактап чыккан оппозициялык күчтөр жана парламенттик коалицияны коргогондор чыгышмакчы.

Бүгүн Киевке өлкөнүн чыгыш региондорунан премьер-министр Виктор Янукович менен анын партиясын колдогон миңдеген адамдар келип жатышты. Алар Киевдеги «Европалык» аянтында өкмөттү коргогон демонстрацияга чыгышаары күтүлүүдө.

Ошол эле учурда аларга каршы чыгып, украин парламенти Верховна Раданы таркатууну талап кылган оппозициянын жактоочулары да борборго агылышууда. Оппозициялык саясий бирикмелер – Юлия Тимошенконун блогу, президенттик «Биздин Украина» партиясы жана «Элдик коргонуу» кыймылы – Киевдеги «Көз карандысыздык» аянтына, же, украинче айтканда, «Майдан незалежностиге» чыгышмакчы.

Былтыр жайында Региондор партиясы социалисттик жана коммунисттик партиялар менен бирге коалициялык өкмөт түзүшкөн эле. Парламентте өкмөттү колдоп жаткандар өздөрүнүн катарына оппозициялык партиялардын депутаттарын да тартып жатышат жана акыр аягында Верховна Рададагы 300 орунду ээлеп калууну каалашууда. Ошондо гана алар президенттин ветосун аттап өтө алышат.

Башкы оппозиционер Юлия Тимошенконун оюнда, мунун баары тигил же бул оппозициялык партияга добушун берген адамдардын укугунун бузулуп жатканын көрсөтөт. «Андыктан президент бул парламентти таркатууга толук укугу бар», - деп эсептейт ал.

- Эл митинкке келип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын президентке айтсын деп жатабыз. Анан президент да элдин пикирине жооп берет ко деп ойлойм. Андыктан аянттагы окуяларга келе турган ар бир адамдын кадамы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө талап күчөп жатканын көрсөтөт, - деди Юлия Тимошенко.

Ал эми Януковичтин өкмөтү буга зарылчылык жок деп эсептейт. Анткени алардын ишениминде, өлкөнүн экономикасы бутуна туруп, жашоо жакшырып баратат, туруктуулук орноп, саясий конфликттерди чечүүгө чыныгы ыклас бар.

- Шайлоо учурунда эл тарабынан колдоо ала албай калганына, бийликке келбей калганына кыжырданган адамдардын кичинекей тобу ошондон бери мыйзамсыз жол мененби, күч мененби, кантип болбосун кийинки парламенттик шайлоонун күнүн жакындатууга аракет кылып келатат, - деди өлкөнүн премьер-министри Виктор Янукович, кечээ «Европа» аянтындагы митинг учурунда.

Ошентип, жаатташкан эки тарап тең азыр парламентти таркатууга карата президенттин пикири кандай болоор экен деп турушат. Президент Виктор Ющенко болсо, бүгүн өзүнүн «Наша Украина» партиясынын курултайына катышып, ондогон оппозиционер депутаттар көпчүлүк орунду ээлеген партиянын катарына кошулуп баратышын кескин сынга алды жана эгер бул улана берсе, ал бул парламентти таркатып салаарын айтты.

XS
SM
MD
LG