"Күңкорсуздук аянтына" кечээ, 31-мартта, «кызгылттар митинги» аталыштагы топто: Юлия Тимошенконун блогу, «Биздин Украина» жана «Элдик коргонуу» партиялары чыккан. Анын каршысында азыркы өкүмөт төрагасы жетектеген «Региондор партиясынын» жааты чыгышкан.
Алардын ичинен «кызгылттар» жааты президентке өкүмөттү таркатып, парламентти кайра шайлоо талабын койгон сунуш киргизген. Украиналык милиция таркаткан маалыматка караганда көчөгө чогулгандар эсеби 30 миңге чукулдап бараган.
Айта кетчү жери, Янукович жетектеген өкмөт кеңсеси былтыр жайда Региондор партиясы менен Социалисттик жана Коммунисттик партиялардын биригүүсүнөн улам чукталып, бийликке келген. Азыр ал коалиция өз депуттарынын эсебин 300гө жеткирип, Баш мыйзамга оңдоо киргизүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшүп атат дешет. Кийинки учурда «Биздин Украина» партиясынын катарынан депутаттар Тимошенконун партиясына өтө качканга байланыштуу оппозиция чочулай баштаганын айтышат.
Кечээ президент Виктор Ющенко журналисттер алдында айткан кебинде парламентти таркатуу же таркатпоо дүйшөмбү күнү чечиле тургандыгын айткан:
-Эгерде буга дейре уланып келе жаткан куру сүйлөшүүлөр аптанын башына дейре ушул бойдон калса анда аткаруу бийликтин натыйжалуу сүйлөшүүдөн баш тартканын күбөлөйт жана анда мен парламентти таркатуу сыяктуу аракетке барууга даярмын.
Киев калаасынын Европалык аянтында өткөн ишембидеги митингде чыгып сүйлөп, Янукович өзүнүн фракциясы эч убакта кысымга көнбөй тургандыгын билдирген:
- Биз Баш мыйзам жана укуктун чегинен тышкаркы коркутуп үркүткөн талапты эч качан кабыл албайбыз.
Анализчилер болжолунда өлкөдө түзүлгөн саясий жагдайды бир чечсе Конституциялык сот чечет.