Сомалиде 4 күн мурда башталган атышуу, кол салуулар уланууда. Жекшембиде өлкөнүн башкалаасы Могадишуда президенттик сарайды кайтарып турган бейпилдик күчтөрү гранотометтон аткыланып, Угандалык жоокер набыт кетип, дагы бешөө жараат алды. Сомалинин армиясы Эфиопиялык шериктердин колдоосу астында исламчыл радикал күчтөрдүн чабуулунан коргонууда, догдурлардын айтымында, өткөн бейшембиден тарта куралдуу эрегиштен 220дан ашуун киши ок тийип ооруканаларга түштү.
Көчөдөгү улам жаңы атышуулардан улам өлгөн кишилердин сөөгүн чогултуп, эсебин чыгаруу кыйын ишке айланды, бийликтегилер азырынча ондогон адамдардын өмүрү кыйылганын айтышууда. Могадишу шаарынын тургуну Абдуллахи Ахмед Геди аттуу карыя оорукана алдында бактын көлөкөсү астында жаткан жарадарларды карап отурган жеринен буларды айтып берди.
- Биздин үй минометтон аткыланып, аялым, кызым, бир тууганым каза тапты. Алар мени жөлөп бастырчу эле, өз алдымча туруп баса албай калганыма көп болгон, биздин үйдөн дагы эки киши жараат алды.
Сомали өкмөтү кол салуулардын артында “Ал-Каида” менен катышы бар өлкөнүн мурдагы жетекчилери кирген Исламдык соттор кеңеши турат деп айыптады. Аталган кеңеш Сомалини былтыркыга дейре башкарып келген, 2006-жылы гана Эфиопия өз аскерлерин жөнөтүп, Сомалинин өкмөтүнө бийликти кайтарып алууга көмөктөшкөн. Эки өлкөнүн биргелешкен күчтөрү ошондон бери исламчыл козголоңчулардын мизин кайтарып келатат.
Сомали президентинин басма сөз өкүлү ишембиде исламчыл козголоңчуларды “Ал-Каида” уюму курал-жарак менен камсыздап, өкмөткө каршы тукуруп жатат деп күнөөлөдү. Козголоңчулар миномет, гранотометтордон башка ракеталарды да колдонууда, жума күнү Эфиопиялык аскердик учак жерден ракета атылып кыйроого учурады. Сомалидеги Африкалык бейпилдик күчтөрүнүн өзөгүн Угандалык 1 жарым миңден ашуун аскерлер түзөт. Африкалык Биримдик Сомали өкмөтүн колдоо максатында бардыгы 8000дей жоокерден куралган бейпилдик күчтөрүн жөнөтөөрүн жарыялаган. Соңку күндөрү кол салуулар негизинен башкалаада болгондуктан, Могадишунун жашоочулары тынчыраак жай издеп агылып кете баштады, коңшулаш Кенияга башпаана издеп баргандардын саны күндөн күнгө өсүүдө.