Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ЖОЛДОШБЕК АЛИЕВ: КОАЛИЦИЯЛЫК ӨКМӨТ – ЧОҢ ЧЫРДЫН БАШЫ


Кыргызстанда 93 партия бар, алардын бардыгы тең расмий каттоодон өткөн. Өкмөттө 93 портфель табылабы. Эгер табылбаса бүгүн эки-үч оппозициялык кыймылдар көбөйүп, жыйырма-отузга чыгып кетпейби портфель талашып. Мына ушундай ой-пикирин “Азаттык” менен “Эркин Кыргызстан” партиясы лидери Жолдошбек Алиев бөлүштү.

- “Эркин Кыргызстан” партиясы Кыргызстан элдик кыймылынын катарынан чыкканын жарыя кылды. Партиянын билдирүүсүндө кыймыл өз максаттарына жетти делинет. Ал кандай максат эле?

- 2004-жылы Кыргызстан элдик кыймылы түзүлгөн. Ошол кыймыл бир гана максат коюп, бир гана идеянын негизинде 9 партиядан түзүлгөн кыймыл болчу. Анын максаты - эгерде Аскар Акаев президенттик шайлоого дагы бара турган болсо ага каршы Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтөбүз деген гана идеянын негизинде чогулган. Мына ошол кыймыл акыры революцияга алып келип, Курманбек Бакиевди бийликке отургузду. Отургузгандан кийин Владимир Черноморец деген “Кыргызстан элдик кыймылын” партия катары түзүп, менчиктештирип алган. Ошондон кийин бул кыймыл жоюлган. Андан кийин азыр кайрадан Кыргызстан элдик кыймылы, орусча НДК деп айтылып, ар жерде жазып жазышат. Биз бул кыймылга кошулбайбыз деген себебибиз бул кыймылдын азыркы максаты белгисиз. Бир максаты болушу мүмкүн - бул президентти сактап калуу. Биз ал максатын так айтмайынча бул кыймылга кошулбайбыз деп расмий жар салдык. Бирок буга болбой эле “Жаңы кылым” гезитинде 29-мартта жети партиянын жалпы элге болгон кайрылуусу жаряланыптыр. Ошол жерде “Эркин Кыргызстан” партиясы дагы кыймылдын мүчөсү деп жазылып жүрөт. Бирок, биз мындай кайрылууга кол койгон эмеспиз.

- Сиздердин партиянын максаты кандай?

- Биздин партиянын максаты - Кыргызстанда реформаларды жүргүзүү керек. Эң башкы реформа - Конституцияны өзгөртүп, хандык, падышалык, үй-бүлөлүк башкаруу системасынан кетүү. Бул максат боюнча биз бир нече жолу кайрылуу жасаганбыз.

- Сиздердин партия жаcаган билдирүүдө ошондой эле коалициялык өкмөт түзүү демилгесин колдойбуз, диалогго даярбыз делинет. Партия менен консультациялар өткөрүлүп, же конкреттүү сунуштар түштүбү?

- Андай сунуштар түшө элек. Коалициялык өкмөт деген сөз бул чоң чырдын башталышы деген сөз. Себеби Кыргызстанда 93 партия бар эмеспи, алардын бардыгы тең расмий каттоодон өткөн. Өкмөттө 93 портфель табылабы. Эгер табылбаса бүгүн 2-3 опозициялык топтор бар, эртең 20-30 болуп кетпейби портфель талашып. Мына ушул боюнча биз коалициялык эмес, элдик ишенимге кирген өкмөт деп айтыш керек деп биз бир нече жолу айттык. Бирок азырынча бизди укпай жатышат.

- 11-апрелдеги митингге силердин партия кошулабы, же жокпу?

- Биз Бириккен фронт азыркы жаңы өкмөт менен сүйлөшүүгө барат деген ниетте турабыз азыр. Эгерде булар сүйлөшүүгө бара албаса анда мезгил көрсөтөт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG