Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:24

ОППОЗИЦИЯНЫН ОЙ-МАКСАТЫ –КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА


Жаңы премьер-министр Алмаз Атамбаев дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрү дайындалып бүтөөрүн билдирген. Бирок 2-апрелге карай өкмөттүн 12 мүчөсү дайындалып, дагы 11 орун бош турууда. “Реформа” кыймылына кирген саясатчылар жаңы өкмөттүн курамына кирүүдөн баш тартышууда. Алар президенттен эң оболу конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылышып, коалициялык өкмөт маселесин элди алаксытуу тактикасы катары сынга алышууда.

Бош турган орундар арасында биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер кызматтары баш болгон жети министрлик жана эки мамлекеттик комитеттин төрагасынын орду бар. Данияр Үсөнов гана биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошотулуп, ал эми калгандары министрлердин, комитет төрагаларынын милдетин аткарууда. Тактап айтканда, энергетика, айыл чарба, юстиция, билим берүү, каржы, эмгек жана социалдык коргоо, маданият министрлери, мамлекеттик мүлк, бажы комитет төрагалары жана вице-премьер-министр өз милдеттерин аткарууда.

Биринчи вице-премьер-министрлик кызмат Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаевге, андан кийин Өмүрбек Бабановго сунушталган. Бирок алар баш тарткан.

-Себеби дегенде кызмат менен маселе чечилбейт. Кызматка кимди койбосун иш жылбайт. Эң башкысы конституциялык реформа болуш керек. Андан кийин калган реформалар жүрүш керек. Ошонун негизинде гана саясатты, экономиканы оңдоого болот. Ошондуктан мен баш тарттым,- деп айтты "Азаттыкка" Осмонбек Артыкбаев.

Бүгүн кечке жуук «Реформа үчүн» кыймылдын жыйыны болуп, анда конституциялык реформа маселеси талкууланат. Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча президент түзүп жумушчу топко кыймылдан өкүлдөрдү кошуу маселеси да каралат.

Премьер-министр Алмаз Атамбаев бүгүн түшкө жуук «Реформа үчүн» кыймылдын бир катар мүчөлөрү менен жолугушкан. Анда Атамбаевди эски пикирлештери премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктап, бирок саясатты талкуулашкан эмес. Бул тууралуу жолугушууга катышкан депутат Болот Шерниязов билдирди.

Коалициялык өкмөт маселесине токтолгон Шерниязов, кыймыл мурунку талаптарынан баш тарпай, алгач конституциялык реформа, андан кийин коалициялык өкмөт түзүүнү жактоодо, деп белгиледи.

Аткаруу бийлигинде өкмөт мүчөлөрүнөн сырткары көптөгөн мамлекеттик агенттиктер бар. Алардын жетекчилери да премьер-министр Aзим Исабеков кызматтан кеткенден кийин өз ордуларына бекитиле элек, же алардын ордуна жаңы жетекчилер дайындалган жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG