Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

ПЕРС БУЛУҢУНДА СОГУШ ҮЧҮН ЖЕТЕРЛИК КАРУУ ЖАРАК ТОПТОЛГОН


Иран бийликтери 23-мартта кармалган 15 британ деңизчиси өлкө сууларында мыйзамсыз жүрүшкөнүн мойнуна алды деп кабарлашууда. Мурдараак өкмөттүк сыналгы Ирандын суу мейкиндигине күнөөсүн мойнуна алып жаткан төрт британ аскерин көргөздү. Ырасмий Лондон деңизчилеринин күнөөнү өздөрүнө алуусунан күмөн санап, алар Ирактын ээлигиндеги сууда кармалганын айтууда. Аскерлерди чет элдик бийликтер кармап алганда өздөрүн кандай алып жүрүшү керек? “Азаттыктын” кабарчысы Евген Томиес Лондондогу "Жейнс" маалымат борборунун эксперти Чарльз Химэнге ушундай суроо менен кайрылган.

- Деңиз аскерлери британиялык 15 деңизчинин абалында өздөрүн кандай алып жүрүшү шарт? Бул боюнча кандайдыр бир жобо барбы?

- Британиялык деңизчилер үчүн бул абадан татаал болууда. Алар согуш туткуну эмес. Алар жарандык талаштан улам кармалууда жана андай иш демейде жарандык сотто каралат. Алар өздөрүн туткунга алууга каршы болушканы үчүн камакка алынган. Буерде маселе мындай: эгер согуш туткуну болсо, анда аларга номур берилип, наамы жана айрым бир мыйзамдар боюнча ысмы сакталат. Арийне, Ирандын мыйзамдарында өзгөчөлүктөрү бар. Ошон үчүн камактагы адам эмне үчүн кармалганын, эми аны эмне кылышаарын түшүндүрүп бере албайт. Иш жүзүндө өзүнө жоопкерчиликти алууга мажбур. Ошон үчүн бул адамдар азыр өтө оор абалда. Анткени алардын Британ консулдугу менен байланышууга мүмкүндүгү да жок. Бирок алар согуш туткундары эмес. Алар камакка алынган. Андыктан алардын статусу такыр бөлөк жана бул жагдай аларды өтө кыжаалатка салып жатса керек.

- Учурда Британия азыр Иран менен согуш абалындабы деген суроо өтө кызуу талкууланууда?

- Жок, Британия согуш абалында эмес. Перс булуңундагы Улуу Британиянын падышалык деңиз аскерлери негизинен майда резина кайыктардан куралгандыктан, алар кокус Ирандын республикачыл гвардиячылары менен согушуп кетсе, британ деңизчилерине ким жардамга келет? Аларга эч ким жардам бербейт. Мындай кырдаалда дүйнөдөгү өтө согушчул адамдарга гана, бул чөлкөмдө чындап эле согуш болуусун каалаган бирөөлөр гана уруш ачышы же урушуу үчүн жүйө издеши мүмкүн. Британ деңизчилеринин ирандыктардын айтканын тынч аткарганы жакшы болду деп ойлоймун. Биз ишти туура жүргүзсөк, бул майда территориалдык чатак экенин таанысак- биздин адамдар үйлөрүнө кайтып келишет. А эгер сиз чындап эле согушту кааласаңыз, буерде кемелер жана субмариндер, крейсерлик ракеталар, аскерий учактарга окшогон нерселер жетерлик бар жана чөлкөмгө өтө чоң зыян келтирилет.Бирок, аны эч ким каалабайт.

XS
SM
MD
LG