28-29-мартта Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында өткөн Араб лигасынын бийик жолугушуусунда Сауд Арабия өзүнүн 2002-жылдагы саммитте жасаган сунушун кайталап, Израил менен Палестина ортосундагы чатакты жөнгө салуу планын сунуштады. Ага ылайык, бардык араб мамлекеттери Израилди мамлекет катары тааныйт, бирок Израил басып алынган араб аймактарын бошотуп, Израилден мурда кетүүгө аргасыз болгон араб качкындарынын үй-үйлөрүнө кайтып келүүсүнө макул болууга тийиш. Андан тышкары жыйында - террорчулуктун кандай болбосун түрү сынга алынды жана ага каршы дүйнө коомчулугу биргелешип күрөшүш керек деп айтылды.
31-марттан 2-апрелге чейин бир катар Жыкынкы Чыгыш мамлекеттерин кыдырган немис канцлери Ангела Меркел 31-мартта Амман шаарында Йорданиянын падышасы Абдалла менен жолукканда, падыша ага кайрылып, Израилге таасир кылууга чакырды. Ошол эле күнү Меркел кошуна Израилге келип, анын жетекчилери менен жолуккандан кийин жөөт премьер-министри Эхуд Олмерт 1-апрелде - Араб лигасы сунуштаган планды талкуулаш үчүн ири регоналдык конференция өткөрсө болот жана ага Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас менен Сауд падышасы Абдулла катышыш керек деп билдирди.
Аны менен катар араб мамлекеттеринин айрым сунуштарына Тель-Авив каршы. "Жерузалем пост" гезитинде 30-март күнү жарыяланган интервьюсунда Олмерт - араб качкындарынын кайрадан Израилге кайтып келишине жөөт жетекчилиги эч качан макул болбойт деп билдирди. Анын айтымында, ал качкындар кайрадан Израилдин аймагында отурукташса, Израил өзүнүн жөөт сапатын жоготуп коюшу мүмкүн. Ар башка маалыматтарга караганда, качкындардын жалпы саны төрт миллионго жетет.
Качкындар үй-үйлөрүнө кайтып келүүгө укуктуу деп Бириккен Улуттар Уюмунун 1948-жылы кабыл алынган 194-резолюциясында айтылат, ал эми Израил тарабынан басылып алынган араб аймактары бошотулууга тийиш деп Бириккен Улуттар 1967-жылы дагы бир, 242-резолюцияны кабыл алган. Олмерттин айтымында болсо, Сауд Арабиянын жаңы сунушу 2002-жылдагы сунуштан бир кыйла жакшы, анткени анда - Бириккен Улуттардын 194-резолюциясына тикелей шилтеме жасалбайт.
Палестина төрагасынын каңешчиси Мухаммед Дагландын пикиринде, арабдардын сунушу орчундуу: "Израилдин араб мамлекеттери менен тынчтык сүйлөшүү өткөрүү ниети чын болсо, Араб Лигасынын сунушун ал орчундуу сунуш деп караш керек", - дейт Даглан.
Немис канцлеринин алдында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кыдырып кеткен жана анын жыйынтыгында Олмерт менен Аббас эки апта сайын жолугушуу өткөрүп туруу жөнүндө макулдашты.
31-мартта болсо Израилге кызмат сапар менен АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси да келип, жөөт жетекчилери менен жолукту. Аны америкалык Конгресстин жалгыз мусулман мүчөсү Кейт Эллисон коштоп жүрөт. Израил менен Палестинага баргандан кийин Пелоси 2-апрелде кошуна Ливанга келди жана 4-мартта Сирияга барат.