Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

ЕВРОШАРКЕТ КОШУНАЛЫК САЯСАТТЫ ЧЫҢДООГО УМТУЛУУДА


30-мартта Германиянын Бремен шаарында Еврошаркеттин кошуналык саясатына байланыштуу кеңешме болуп өттү. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кошуна өлкөлөр менен алакаларды өөрчүтүү маселелерин талкуулашты.

Еврошаркеттин кошуналык саясатына жаңы дем кошуу үчүн уюм оболу эки маселени чечүүсү абзел. Биринчиси -бул уюмга танапташ өлкөлөргө уюмга каттоо визасын оңойлотуу. Экинчиси - кошуна өлкөлөрдө өндүрүлгөн продукцияга уюмдун рыногуна жол ачуу.

Кошуналык саясат жүргүзүү демилгеси 2004-жылы көтөрүлгөн. Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча жооптуу комиссары Бенито Феррреро-Вальднер уюмга мүчө өлкөлөрдөн чыгыштагы кошуна өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү маселесин козгой турганын Бремендеги кеңешме башталаардан бир күн мурда Брюсселде билдирген.

Виза маселесин жеңилдетүүдө биринчи кезекте Грузия менен Украина турушат. Бул жерден уюм менен түздөн - түз чек арасы жок болгону менен Россия виза маселесин жеңилдетүүдө алдыга озуп кеткенин белгилей кетели. Вальднердин айтымында, экинчи чоң маселе бул кошуна өлкөлөргө Еврошаркеттин рыногуна жол ачуу.

-Өз ара алакаларды өөрчүтүүнүн көңүл чордонунда албетте кошуна өлкөлөргө биздин рынокко кирүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү маселеси турат. Перспективадагы максатыбыз болсо кошуналар менен экономикалык коомдоштукту куруу,- деди Вальднер.

Вальднер кошуна өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аймагынын түзүлүшүн көздөйт. Ан үчүн анын көз карашында соодага кедерги болуп жаткан тоскоолдуктар алынып ташталуусу абзел.

Кошуналык саясатты өөрчүтүүнүн так пландарын Ферреро - Вальднер 11- апрелде жарыяламакчы. Анда биринчи кезекте уюмдун кошуна өлкөлөрү Грузия, Молдова, Украина, Армения жана Азербайджан менен мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдору жөнүндө айтыла тургандыгы күтүлөт. Уюм ошондой эле Россия жана Түркия менен орток алакалашууну өөрчүтмөкчү.

Ошону менен катар эле уюм өзүнө чек аралаш эмес Борбор Азия мамлекетери менен алакаларды өнүктүрөт. 28-мартта уюмдун делегациясы Астана шаарында болуп, Борбор Азия жумурияттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп кайтты. Борбор Азия мамлекеттерине каратылган саясаттын стратегиясы уюмдун июнь айында өтө турган саммитинде жарыяланат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG