Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

ЖАЛАЛАБАТТА «АТА МЕКЕН» ПАРТИЯСЫ ИЖАРАДА ТУРГАН МЕКЕМЕ ТАЛКАЛАНДЫ


31-мартта түнкүсүн оппозициячыл «Ата мекен» партиясынын Жалалабат шаардык бөлүмү ижарада турган мекеменин терезелери талкаланган. Белгисиз автоунаадагы бейтааныш адамдар мекемени таш баранга алгандан кийин качып кетишкен. Номердик белгилери жок автоунаадагы белгисиз адамдар 2-апрель түнү да партиянын шаардык кеңсесинин айланасында жүрүшкөн. “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү аталган окуяга бийлик менен бийликти жактаган адамдардын катышы бар экенин айтышууда. Облбийлик жана Бириккен фронтко каршы түзүлгөн обустагы элдик кыймылдын өкүлдөрү мындай айыптоолорду четке кагууда.

Белгисиз автоунаа менен жүргөн бейтааныш адамдар өткөн ишембинин түн ичинде «Ата Мекен» партиясынын Жалалабат шаардык бөлүмүн таш баранга алган. Натыйжада, «Жалалабат тейлөө кызматы» аттуу ишкананын эки кабатындагы чоң терезелер талкаланган. Оппозициячыл партиянын шаардагы координатору Ильич Нарматовдун айтымында, соңку күндөрү мындай окуялар бат-бат кайталанууда. Ишемби күнү токмок жеген «Сентябрь» телеканалынын оператору Базаркоргон районунда дарыланып жатат:

- Биздин офистин жанындагы компьютер саткан окуу борбору бар. Ошону түнкү саат он бирде келип талкалап кетишиптир. Биздин партиянын офиси деп ойлошкон го. Күч колдонушту. Аялдар, он чакты эреке келди. “Сентябрь” деген телевидениенин оператору Талант Сопуевди башка бирөө чаап кетиптир. Бул бийлик тараптан уюштурулуп атат, - деди Ильич Нарматов.

Партиянын шаардык түйүнү турган ишкананы белгисиз автоунаадагы кишилер 2-апрель түнү да кыйлага аңдышканын мекеме башчы Паизбек Байтиков ырастады:

- Тынчтык митинге чыккан адамдарга тигилер коркутуп, бул жерден кеткиле дептир. Тигил, же бул көчөдөн байкап тургандарын биз байкап атабыз.

«Ата мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин белгилешинче, оппозициянын өкүлдөрүнө каршы мыйзамсыз аракеттер акыркы учурда өнөкөткө айланып баратат:

- Мыйзам бузуу, басмачылык жол менен азыркы бийлик алыска бара албайт.

Аталган саясий уюмдун мындай айыптоолорун облбийликтин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов макулдаган жок. Анын айтымында 31-марттагы окуяларды шаардык милиция териштирүүдө.

Өткөн аптада «Ата мекенчилерге асылышты» деп күнөөлөнүп жаткан аялдар тобу 31-марттагы жаңжалды жокко чыгарууда. Бул тууралуу Бириккен фронтко каршы облуста түзүлгөн элдик кыймылдын өкүлү Гамаль Сооронкулов мындайча билдирди:

- Ойлоп көрсөңүздөр бул нерсе кимге керек. Мен ойлойм, бул кара пиар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG