Швейцария өкмөтү арам акчаларды адалдоого, террорчулукту каржылоого каршы туруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган жаңы долбоорду каржылай тургандыгын билдирди.
Бир жылга эсептелген 350 миң долларлык техникалык долбоор банк, камсыздандыруу, каржылык чалгын кызматкерлерин окутуп-үйрөтүүгө, соңку үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен таанышууга багытталган. Долбоорду Швейцария өкмөтү каржылап, аны ишке ашыруу милдетин Эларалык валюта кору өзүнө алган. Эларалык валюта корунун жаңы долбоорунун уюштуруучусу Жузеппе Ломбардонун айтуусунда, арам акчаларды адалдоо, террорчулукту каржылоого каршы туруу дүйнөлүк олуттуу проблема.
- Арам акчаларды адалдоого, террорчулукту каржылоого кызыккан күчтөр иштеп аткан каржылык системанын ичинен жол таап, аны билинтпей пайдаланууга куштар болушат. Иштеп аткан каржылык системаны пайдаланып, акчаларды которуу аракетин жасашат.
Ж.Ломбардо бу жаатта Эларалык валюта кору биртоп техникалык айла-амалдарды иштеп чыкканын, ушу тапта алар ийгиликтүү колдонулуп жатканын маалымдады. Анткен менен ойлонто турган проблемалар деле, анын ырасташынча, толтура.
- Башка постсоветтик өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда деле ашынган кылмышкерлердин арам акчасын адалдоосуна шарт түзүлчү бир катар жагдайлар орун алган. Кыргызстандын каржы базарында акчалардын басымдуу бөлүгү колдон-колго өтүүсүнө негизделген.
Жумгакташып бараткан дүйнөдөгү алака-катыштар күчөгөндөн-күчөп баратат. Швейцариялык кызматташуу бюросунун туруктуу өкүлүнүн орунбасары Катрин Кюдре-Корунун пикиринде Кыргызстан да жалпы дүйнөлүк экономикалык алака-катыштан четте калган эмес.
- Кыргызстан да уламдан-улам дүйнөлүк экономикага кошулуп, эларалык каржы агымы бул жерге да агылып келүүдө, демек, арамдан табылган акчаны адалдоого, террорчулукту каржылоого каршы турушу абзел.
Андайды жасабаган өлкөгө сырттан инвестиция келбейт, деп билдирди Эларалык валюта корунун кеңешчиси Даниэль Телесклаф. Кыргызстандын мыйзамдарында миллиондон ашкан сом акча которулса андай маалымат сөзсүз түрдө Каржы чалгын кызматына билдирилип турушу белгиленген.
- Биздеги тажрыйбадан чыккан жыйынтык мындай. Банк системасы жакшы ыраатка салынса кылмышкерлер аны кыйгап башка схемаларды пайдалануу аракетине өтүшөт. Оюн-зоок жайлары, албетте, кайсы бир кылмышкерлерге арамдан табылган кирешесин ачыкка чыгарышына шарт түзө турган жылчыктарды калтырып коет.
«Ысыккөл инвестбанктын» президенти Болот Байкожоев Кыргызстандын банк системасында жүгүртүүгө чыгарылган улуттук акчанын 10% гана банктар аркылуу айланат, калганынын эч кандай эсеп-кысабы жок дейт.
- Азыр банкка акчанын 10% эле кайтарылат. Калганынын баары колдо жүрөт. Сом боюнча гана эсеп бар. Ал эми доллар боюнча андай эсеп деле жок.
Арамдан табылган акчаларды адалдоого, террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү тууралуу мыйзамды Кыргызстан өткөн жылдын июнунда кабыл алган. Ал эми 2005-жылдын сентябрында Каржылык чалгын кызматы түзүлгөн. Жаңы долбоор атайын кызмат менен мыйзамдын эреже-тартиптерин дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырууга багытталган.