Британиялык журналисттер тапкан маалыматтарга караганда, азыр өлкөдө отуздан ашык орусиялык тыңчы аракеттенет жана мынчалык көп шпион кансыз согуш учурунда гана болгон. Алар негизинен аскерий жана башка жаңы технологиялар жаңылыктарын, британиялык өкмөт жөнүндөгү сырларды, Лондон шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында жашаган орусиялык жарандар тууралуу маалыматтарды издейт.
Былтыр ноябрда Лондондо мурдагы орусиялык тыңчы Александр Литвиненко ууланып өлгөндөн кийин өлкөгө көчүп келген орусиялык жарандар тууралуу британ коомундагы тынчсыздануу көбөйдү. Ошол эле учурда, өлкөнүн чалгындоо комитетинин мурдагы жогорку кызматкери Пол Левердин айтымында, Британиянын өзүнүн чалгындоо кызматтары негизинен эл аралык террорчулукка каршы күрөшкө көңүл буруп жаткандыктан, алардын чет өлкөлүк чалгынчыларга каршы аракет көрүүгө убактысы жана каражаты жетишпейт.
АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигин 1980-жылдарда башкарган генерал Уильям Одом болсо, Орусиянын коопсуздук кызматтарынын институттары мурдагыдай эле сандагы адистерди чыгарып жаткандыктан, аларга кайсы бир өлкөдө жумуш таап бериш керек деп тамашалайт. Чындап келгенде болсо, ар бир мамлекет жана өзгөчө технологиялык өнүгүү боюнча башкалардан артта калган өлкө андай тыңчылык аракетке барууга муктаж:
"Технология жагынан артта калган мамлекеттер аны башкалардан уурдап алууга умтулат. Менин оюмча, Орусиянын бүгүнкү аракеттеринин бир топ бөлүгү ушуну менен байланышкан. Аны менен катар, стратегиялык жана башка сырлар, албетте, саясий жана айрым биографиялык анализдер дайым башкалар үчүн өтө маанилүү", - дейд Одом.
Анын айтымында, Орусиянын өзүнө жана башка мамлекеттерге каршы тыңчылык деле бир топ кеңири: "Жакында пайда болгон бир кабарга караганда, Франциянын авикомпаниясынын учактарынын ичиндеги отургучтарга микрофондор орнотулган. Жана америкалык ишкерлер ал учактар менен учканда, асманда алар сүйлөшкөн өз пландары тууралуу маамыламатты Франциянын чалгындоо кызматтары чогулткан. Эгер бул чын болсо, анда жалаң эле бизнес жөнүндөгү эмес, башка да маалыматтар чогултулган деп күтсө болот", - дейт генерал.
Ошол эле учурда саясий жана экономикалык маанидеги маалыматтарды чалгынчылык аркылуу эмес, ачык булактардан эле алса болот: "Улуттук деңгээлдеги, саясий чечим кабыл алынган деңгээлдеги маалыматтын 95 пайызын ачык булактардан, мисал үчүн, маалымат каражаттарынан, университеттерден же башка ушу сыяктуу булактардан тапса болот", - дейт Уильям Одом.
Орус жетекчилиги болсо былтыр - Маскөөнүн бир паркында жаткан таштын ичине британиялык тыңчылар эң алдыңкы үлгүдөгү шпиондук аспаптарды катып койгон деген күнөө койгон.