Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

ПРЕЗИДЕНТ КООМДУК ТЕЛЕ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ


Президент Курманбек Бакиев «Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө» мыйзамга кол койгонун бүгүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Кол коюлган мыйзамга ылайык мурдагы МТРК, эмики УТРК мамлекеттик менчикте кала берет жана ал коомдук башкаруу алдында иштеп калат. МТРК Улуттук телерадиокорпорация болуп кайра уюшулат жана бир айдын ичинде Жогорку Кенеш анын башкаруу органы болгон Байкоочулар Кеңешин түзүүгө тийиш. Аткаруучу органы болуп башкы директор эсептелет. Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан турат, анын бешөөн Президент, бешөөн Жогорку Кеңеш, калганын жарандык коом шайлайт. Башкы директорду Байкоочулар Кеңеши шайлайт жана премьер-министр бекитет. Жогорку Кеңеш өз кезегинде Байкоочулар Кеңешинин сунушу боюнча Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө жобону бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү киргизип туруу укугуна ээ. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү оппозициянын эки канаты тең коюп жаткан негизги талаптардын бири болчу. «Реформа үчүн» кыймылы өткөн жылы ноябрда көп күндөп каршылык акциясын өткөрүп, конституциялык реформа менен катар эле мамлекеттик телерадиокомпаниянын базасында коомдук телерадио компания түзүү жөнүндө талап койгон. Бирок президент таптакыр каршы болуп, бул талапка кулак салбай келген. Президент эми жарым жылга жетпей бул маселеге кайра кайрылып келип, оппозициянын коюп жаткан талаптарын четинен аткара баштады. Март ыңкылабынын эки жылдыгына карата элге кайрылуу сөзүндө Курманбек Бакиев талаш-тартыш туудурган бардык маселелерди консенсус жолу менен талкуулап чечүүгө даяр экендигин билдирип, саясий күчтөрдү текши кеңеш курууга чакырган. (KCh)

XS
SM
MD
LG