Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЛМОЮНЧА КОАЛИЦИЯЛЫК ӨКМӨТТӨН ЭЧТЕКЕ ЧЫКПАЙТ


2-апрелде “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүштү. Анда аталган кыймыл “ак үйгө” жолдогон жаңы Конституциянын долбооруна жана бийликтин коалициялык өкмөт курамына реформачыларды чакырган сунушту ортого салышты. Кыймылдын тең төрагасы Темир Сариевдин айтымында, Конституциялык реформа жүргүзмөйүнчө коалициялык өкмөттү түзүүдөн майнап чыкпайт. Парламенттин айрым депутаттары болсо оппозициячыл саясатчылар жоопкерчиликтен качып, коалициялык өкмөттүн курамынан атайын баш тартууда деген пикирде.

“Реформа үчүн” кыймылдын кезексиз жыйынына жыйырма бешке чукул “реформачылар” катышып, бийлик сунуштаган бир нече маселелерди талкуулашкан. Кыймылдын мүчөсү, “Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, аталган кыймыл бийликке жолдогон ноябрь айындагы Конституцияга алымча-кошумча киргизилген варианты боюнча президент Бакиев менен гана сүйлөшүүгө бара тургандыктарын билдиришкен.

“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү Алмаз Атамбаев менен сүйлөшө албайбыз. Бир кана президент Курманбек Бакиевдин өзү менен сүйлөшүүгө мүмкүн деген чечимге келдик.

Өмүрбек Абдырахманов белгилегендей, “ак үйдөн” “Реформа үчүн” кыймылдан беш киши, бириккен фронттон беш, бийликтен беш киши бейтарап жерде “ийри отуруп, түз кеңешип”, сүйлөшүүгө чакырык болгон.

Кыймылдын тең төрагасы Кубат Байболовдун айтымында, ноябрдагы Баш мыйзамдын толукталган долбоору президенттин администрацисына бир жума мурда берилген. Анын пикиринде алигиче бийликтен жооп болбогону президент Бакиевдин Конституцияны реформалоого барууга ниети жок экендигинен кабар берет.

-Эки жылдан бери эле Конституцияны реформалоо жөнүндө сүйлөшүп эле келатабыз. Бирок бийликтин ыкыласы жок болуп жатат. Көңүлү жок болуп жатат.

“Реформа үчүн” кыймылдын теңтөрагасы Темир Сариев болсо Конституциялык реформа кылмайынча, системаны өзгөртмөйүнчө, азыркы Баш мыйзам менен коалициялык өкмөт түзүүгө болбостугун айтты.

-Алмаз Атамбаевди премьер-министр кылып дайындап койсо ал коалициялык өкмөт болуп бербейт. Же болбосо беш министрди которуп койсо эле коалициялык өкмөт болбойт. Негизинен биз өкмөттүн багыттарын аныкташыбыз керек. Бүгүнкү күндө коалициялык өкмөттү шайлаганда деле алардын укугу жок. Президент барын башкарып атпайбы.

Темир Сариев белгилегендей, укук коргоо органдары, аэропорт, темир жол, энергетика тармагы жана башка бюджетке пайда берүүчү мамлекеттик тармактар президенттин карамагында калганы өкмөттүн өз алдынчалыгына эч качан жол бербейт. “Ошондуктан “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү коалициялык өкмөттүн курамына кирүүдөн баш тартты”,-дейт Сариев.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы Искак Масалиевдин көз карашында коалициялык өкмөт түзүү президенттин оппозициялык күчтөр менен тил табышуу аракети.

-Президенттин бул кадамы оппозициялык күчтөр менен тил табышуу аракети деп эсептейм. Президент ушундай аракет кылгандан кийин, тиги тарап ушул сунушка кошулбай жатат.Бул коркунучтуу белги болуп турат менимче. Эл үчүн, мамлекет үчүн деген ошол оппозициядагылар коалициялык өкмөттүн курамына кирип, өз күчтөрүн жумшап экономиканы көтөргөнгө жардам бербейби.

Ал эми “Эл биримдиги” фракциясынын мүчөсү Садыр Жапаров азыркы өкмөттү коалициялык өкмөт деп эсептейт. Анын көз карашында, Алмаз Атамбаев буга чейин Бакиевдин саясатына каршы оппозициялык көз карашта болгон. “Демек ал жаңы өкмөттү жетектеп жаткандан кийин, опоозициячыл саясатчыларга кызмат орундары сунушталып жаткандан кийин бул коалициялык өкмөт болушу керек”,-дейт Жапаров.

“Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо президент Бакиев оппозициядагы Алмаз Атамбаевди өкмөт башчысы кылып дайындап, реформачыларды жогорку бийлик кызматтарына чакырышы азыркы бийликтин алсыздыгы деп бааларын билдирди.

XS
SM
MD
LG