Жогорку Раданы таратуу жөнүндөгү жардыкка украин президенти 2-апрелдин кечинде кол койгон эле. Мунун алдында ал парламенттеги фракциялардын жетекчилиги менен өткөргөн сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган болчу. Украин парламенти 450 депутаттан турат. Анын ичинен 250 мандат премьер-министр Виктор Януковичтин Региондор партиясы баштаган коалицияга таандык. Украинанын учурдагы өкмөтү былтыр ушул коалиция тарабынан куралган. Өлкөдөгү азыркы саясий кризис Региондор партиясы парламенттеги оппозициялык фракциялардын бир нече депутатын өзүнө кошуп алууга жетишкен соң курчуду. Натыйжада алардын добуштары 260 чыккан. Президент Ющенко мурдараак бул көрүнүш өлкөнүн Конституциясына каршы келерин белгилеген болчу Эгер башкаруучу коалиция оппозициядагы фракциялардын депутаттарын өзүнө тартуу жолу менен добуштарынын санын 300гө жеткирип алганда, Конституцияны өзгөртүүгө, ага катар президенти бийлик-укугун чектегенге мүмкүндүк алмак. Андыктан украин президенти окуялардын мына ушундай өнүгүшүн алдын алгандай.
Ал Жогорку Раданы таратуу жөнүндөгү жардыкка кол койгон соң теледен сүйлөгөн сөзүндө мындай чечимдин жүйөөсүн төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Менин кадамым мамлекетти, анын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн сактап калуу, өлкөнүн Конституциясын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн чукул муктаждыктан келип чыкты.
Анткен менен айрым украиналык комментаторлор, президент жардыгынын укуктук негизги анчалык бекем эмес экенин белгилешүүдө. Украин Конституциясына ылайык, эрте шайлоо үч шартта жарыяланат экен.
Биринчиси, Жогорку Рада алгач жыйналгандан 30 күндүн аралыгында өкмөт түзө албаса. Экинчичи өкмөт отствкага кеткенден же кетирилгенден 60 күн ичинде жаңы өкмөттү кура албаса. Үчүнчүсү, 30 күндүн аралыгында өз сессиясына чогула албаса. Андыктан, Жогорку Раданын төрагасы Александр Мороз парламенти таратууга азыр эч кандай укуктук жүйшөө жок деп эсептейт.
2-апрелдин кечиндеги чукул сессияда кабыл алган билдирүүдө, башкаруучу коалициянын депуттары президент жардыгын "төңкөрүштү көздөй кадам" катары баалашты. Ошондой эле өкмөт 27-майга белгиленген мөөнөтсүз шайлоону каржылоосуна тыюу салды. Буга кошумча 3-апрелде башкаручу коалиция өлкөнүн Конституциялык сотуна Президент жардыгынын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча арыз жолдоду. Ал эми Украинанын курамы 18 судьядан турган Конституциялык соту акыркы жарым жылдан бери өз жыйынына чогула албай жатканын эске алганда, айрым баяндамачылар соттун чечим кабыл алуу жараяны бир неече айга созулушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Окуялар эми кандай өнүгүшү мүмкүн? "Азаттык жана Эркин Европа " радиосунун Украина боюнча аналитиги Ян Максимюктун пикиринде эки сценарий бар.
Жаманы, украин саясатчылары Конституциялык соттун чечимин күтүшөт, ошол эле учурда башкы эки атаандаштын кимисин калк көбүрөөк жакшы көрөрүн аныктоо үчүн элдин көчөгө чыгышына жол берет. Мындай жагдай Украинада Батыш жана Чыгыш деген тарыхый бөлүнүүнү дагы тереңдетээри шексиз. Коркунучтуусу, көчө жыйыдары жарандык кагылышка, атүгүл өлкөнүн эки саясий лагерге бөлүшүнө алып барышы мүмкүн.
Ал эми экинчи жакшыраак жол - премьер- министри Янукович үчүн утулуш, президент Ющенко үчүн ийгилик болгон күндө да атаандаш эки тараптын май айына белгиленген эрте шайлоого барганы. Януковичтин өзү шейшемби күнү Киевде, тарапкерлери алдында мындай деди:
- Биз президенттин жардыгын жокко чыгарууга көндүрүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Эгер ал буга бара албаса, менимче, мындай шартта парламенттик гана эмес, президенттик шайлоодон да качууга болбойт.
Украинада азыр түзүлгөндөй кырдаалда дагы бир суроо жараткан маселе - армиянын кимге баш ийе тургандыгы эле. Өлкөнүн корго министри, президент Ющенконун өкмөттөгү саясий өнөгү Анатолий Гриценко аскерлер президеттин гана буйругун аткарарын айтат:
- "Учурдагы мыйзамга ылайык, армия башкы командачыдан берилген буйруктарды гана аткарат"
Айтор, саясий окуялар кандай нукта өнүккөн күндө да украиналыктар алдыдагы күндөр менен апталарда буркан-шаркан абалды баштан кечирчидей.