Лондондо 29-март күнү өткөн жыйынды Британ кеңеши уюштурган, бул уюм дүйнө жүзү боюнча агартуу, маданият жана маалымат таратуу маселелери боюнча жардам көрсөтөт. Жыйынга жетекчилик кылган Британ кеңешинин өкүлү Эмили Кэмпбелл Улуу жибек жолу сыяктуу байланыш системасы кайрадан түзүлсө, бардык мамлекеттерге пайда тийет деп билдирди:
"Жүздөгөн жыл мурда Борбор жана Түштүк Азия аймактары дүйнөнүн башка булуң-бурчтарында кеңири белгилүү болгон, анткени дал ушул Жибек жол байланышы аркылуу Кытайда же Алыскы Чыгышта өндүрүлгөн буюмдар Жер ортолук деңизге жана Европага чейин жетип турган. Бирок кийин бул аймактагы өлкөлөр Батыш элдери арасында дээрлик белгисиз болуп калган", - дейт Кэмпбелл.
Талкууга катышкандар - жаңы заманда жаңы байланыш системалары пайда болуп, эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканда Борбор Азия мамлекеттеринин элдери өз өзгөчүлүктөрүнөн пайдаланып, Батышка жана бүткүл дүйнө жүзүнө кеңири таанылыш керек деген ойго токтолду.
Жазуучу Рори Стюарттын айтымында, мурда аймактагы элдер бир-биринен өздөрүнүн мамлекеттери менен эмес, шаарлары менен айырмаланчу, ошондуктан байланыш оңой жана кеңири болгон: "Мамлекеттүүлүк деген салыштырмалуу кийинки түшүнүк. Бул өлкөлөр арасындагы айырмачылык чындыгында шаарлар арасындагы айырмачылык болгон, мамлекеттер арасындагы эмес. Ооганстан мамлекети, мисал үчүн, XVIII-кылымдын аягында гана пайда болгон", - дейт Стюарт.
Улуу жибек жолу биздин заманга чейинки II-кылымда пайда болуп, XV-кылымга чейин Евразия элдерин бириктирип турган. Бирок ал Жол калыптанганга чейин эле Борбор Азия элдери менен дүйнөнүн алыскы аймактары ортосунда көптөгөн кылымдар бою байланыш болгон. Мисал үчүн Памир тоолорунда чыккан асыл таштар атайын жолдор менен Индия жана Багдадка чейин жеткирилчү. Ошол эле мезгилде Түндүк Тибет тоолорунда чыккан башка асыл таштар Кытайга чейин жетип, жибекке алмаштырылчу.
Биздин заманга чейинки 138-жылы Чжан Цянь деген кытай өкүлү Борбор Азиядагы Согдиана жана Бактрия мамлекеттерине дипломатиялык миссия менен келип кеткенден кийин кытай императоруна атайын кайрылып, туруктуу соода жолдорун түзүү керек экенин сунуштаган. Акырында ошол биздин заманга чейинки экинчи кылымдын аягында Кытай жана Индияны Жакынкы Чыгыш жана Европа менен бириктирген кербен жол пайда болгон. Анын узундугу жети миң чакырымдан ашкан жана аны "Улуу жибек жолу" деп 1877-жылы немис окумуштуусу Фердинанд Рихтгофен өзүнүн кытай жөнүндөгү китебинде атаган.