Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

4-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бу күнү Кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су Кытай ордосуна келген. 1955-жылдын 4-апрелинде Орто токой суу сактагычынын акыркы тосмосу буулуп, ал жерде суу топтоло баштаган.

Кытай жазма булактарынын маалыматтарына караганда бу күндөрү Кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су Кытай ордосуна келген. Ал кытай императоруна эки аргымакты тартуу кылып, кыргыздар уйгурлар мамлекетин талкалап, уйгур өкүмдарына чыккан кытай ханайымы Тай-хэни жоокерлердин коштоосу менен Кытай өлкөсүнө жөнөткөндүгүн кабарлаган. Тилекке каршы, уйгурлар аларды жолдон тосуп, коштоочуларды кырып, ханыйымды белгисиз тарапка алып кетишкен. Ошондуктан император сарай кызматкерине Чжу-у Хэ-суну ханайымды тосуп алыш үчүн Танюнга жөнөткүлө деп буйрук берген.

Кыргыз Автономиялык областынын Кызыл крест коомунун I областтык курултайы 1928-жылдын 4-апрелинде өткөрүлдү.

Таанымал коомдук жана саясий ишмер Юсуп Абдрахманов 1937-жылдын 4-апрелинде камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ю.Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камакка алынып, ага контрреволюциачыл троцкисттик уюмда турат деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ю.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Юсуп Абдрахманов НКВД кыйноосуна карабастан, кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.

Фрунзе шаардык партия уюмунун «япон-немец-троцкисттик агенттердин тамырын кыркуу туурасындагы» чечими 1937-жылдын 4-апрелинде жарык көрдү. Айрым активисттер «экижүздүүлөргө» каршы чечкиндүү күрөш жарыялап, жакында эле кызматтан алынган, Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Белоцкийди жоопко тартуу сунушун киргизген.

Төрт ай кыргыз өкмөтүн жетектеп, калктын бийликке болгон ишеним билигин жандырган Жумабек Ибраимов 1999-жылдын 4-апрель күнү айыкпас дарт айынан дүйнөдөн кайтты. Жумабек Ибраимов өкмөт башына 1998-жылкы оор экономикалык кризистен улам келген. Буга чейин кыргыз өкмөтүн жетектеген К.Жумалиевдин кабинети кырдаалды турукташтырууга дарамети жетпей кызматтан кетип, Ж. Ибраимов 1998-жылдын 25-декабрында премьер-министрлик кызматка отурган.Бу күнү, 1953-жылы таланттуу акын Акбар Рыскулов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG