Президент Буш өз сөзүндө Ирактагы америкалык аскерлерди каржылоону үзүгүлтүккө учуратуу уруш майданындагы жоокерлердин үй-бүлөөсүнө оорчулук келтире турганына Конгресстин көңүл бурду:
- Конгресстин согуш талаасындагы биздин күчтөрдү каржылабай койуусу биздин кээ бир аскерий үй- бүлөлөрдү согуштан кайтып келчү сүйүктүү адамын көбүрөөк күтүүгө мажбурласа, башка бирөөлөрдүн сүйүктүүлөрү мөөнөтүнөн эрте согушка жөнөп кетиши ыктымал. Буга мен макул келе албайм жана Америка эли да буга макул боло албайт деп ишенем.
Бир күн илгери Сенаттагы демократтык көпчүлүктүн лидери Харри Рейд эгерде президент Буш Ирактан аскерлерди чыгарып кетүүнүн так мөөнөтүн айтпаса, Ирак согушун каржылоону чектөөгө аракеттене турганын билдирген.
Сенат жана Өкүлдөр палатасы Ирак менен Ооганстандагы согуштук операцияларды каржылоого 96 миллиард доллар чегерүү жөнүндө өз өзүнчө мыйзам кабыл алышкан. Эки мыйзам жалпыланып бекитилгенден 120 күн кийин Ирактагы согушту токтотулууга тийиш.
Жорж Буш согушту токтотуу Конгресстин эмес, башкомандачы катары анын вазийпасында экенин, берегидей мыйзамга вето жарыяларын эскерткен.
Президент Бушту жалгыз гана вице- президент Дик Чейни колдоду. Ал дүйшөмбү күнү Бирмингем шаарында сүйлөп, Сенат менен Өкүлдөр жыйыны армиянын муктаждыгын өз маалында канааттандырат деген үмүтүн айтты.
Акүй менен Конгресс арасындагы талашка Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелози да үн кошту. Ал дүйшөмбү күнкү сөзүндө Акүй Конгресстин пикирин четке кагып, армияга кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга жолтоо болуп жатканына көңүл бурду. Пелози айым Ирактагы америкалык аскерлерге бөлүнгөн акча жетпей калат дегенге ишенбейт да:
-Биз балким (Ирактагы америкалык аскерлерди) каржылоодо айрым өзгөртүүлөргө барабыз. Бирок, июлдун аягына чейин жеткендей мол акча бар.
Нэнси Пелози шейшемби күнү Дамаскиде президент Башар Асад менен кездешип, Акүйдүн саясатына каршы дагы бир кадам жасады. Жорж Буш визитти эларалык терроризмдин демөөрчүсү Сирияга ишеним көрсөтүү болот деп сынга алды.