Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

63 ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗСТАН


«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити КМШ өлкөлөрүндө адам жашынын узактыгын эсептин тилине салып жазып чыкты. Маселен, эң узак жаш Армения, Азербайжан, Грузияда-73,5 жаштан 71,5 жашка чейин. Кыргызстан адам жашынын узактыгы боюнча да мурдагы үзөңгүлөштөрүнүн эң артында. Ошону менен бирге эле өлкөдө пенсияны көбөйтүү аракети эч качан реалдуу турмуш менен салыштырылып жасалбайт, эң зарыл деген нерселерге баанын кутургандай өсүшү, инфляциянын мурдагыдай эле жогору бойдон калып жатышы Кыргызстанды жаш өлчөмү боюнча эле эмес, кары-картаңдарына төлөөчү пенсия өлчөмү боюнча да дүйнөдөгү эң арттагы орунга ыргытты, деп жазды.


«Дело №…» гезити орус саясат таануучу Валерий Хомяковдун пикирин жарыя кылды. Анын ою боюнча Кыргызстанда ушу кезде бийликке нааразылык эл арасында да, элита арасында да жогору. Президент К.Бакиев өкмөт башына А.Атамбаевди апкелүү менен коомдогу кайнап турган казандын буусун бир аз басаңдатам деп ойлогон, бирок В.Хомяков мырза мунун натыйжасына ишене бербейт. Ал эми бейөкмөт уюмдарынын Кыргызстандагы координатору Марина Клебанович айым, жакында европалык ишкерлер чөйрөсүнүн өтүнүчтөрү менен өлкөдөгү коомдук-саясый жана экономикалык абалга иликтөө жүргүзүп чыкканын, ошондо зордук менен кабыл алынган Башмыйзамды элдин колдобогондугун, президент Бакиевдин ыңкылаптан кийинки убадаларын аткарбагандыгы ушул абалга алып келгендигин, калктын орточо айлык акысы 38 долларды түзсө анын жарымы коммуналдык төлөмдөр үчүн кетерин, бийлик өзгөргөнү менен эл турмушу өзгөрбөгөнүн, баарыдан да чет өлкөлөрдөн келүүчү инвестиция такыр токтоп калганын чет элдик ишкер чөйрөсүнүн байкоочулары өзүлөрү көрүп ынанышканын баяндаган.

«Энесай» гезити К.Бакиевге таарынып баса берген А.Атамбаевдин кайрадан Акүйгө барганына оппозиционерлердин ичтери күйүп атканын, Кадамжайдан Жумабай Эшатов деген жаран жакында Бишкекке келип, «Агым» гезитин сотко берерин, мындан тышкары 11 миңге жакын мүчөсү бар ОБОНчу аялдар генерал Ф.Куловду «задавит» этиш үчүн катуу даярдык көрүп жатышканын маалымдады.

«Белый пароход» гезити өлкөдөгү окуялардын өнүгүү жолунун төрт баскычын белгилейт. 1-жолу-радикалдуу жол, К.Бакиевдин кетиши менен Конституциялык реформа жүргүзүлүп, башкаруунун парламенттик жолуна өтүү процесси башталат. 2-жолу- жумшагыраак жол, К.Бакиев оппозиция менен сүйлөшүүгө келет, президент мөөнөтүнүн аягына чейин кызмат ордунда калат, Башмыйзам парламенттик башкарууну көздөй багыт алат. 3-жол-президенттик жол, оппозиция койгон талаптар убада берүү аркылуу улам артка жылдырыла берет, бирок аткарылбайт, кечигет. Оппозиция койгон талаптарды аткаруу иши Бакиев тарабынан Атамбаевге жүктөлөт. Тилекке каршы Атамбаевдин колунан аны аткаруу келбейт. Бакиев бир аз тынным алат, күчүн топтойт, анан президенттик бийликтин экинчи мөөнөтүнө аттанат. 4-жол-кандуу жол. Бул жол эгер бийлик митингке чыккандарды күч менен басып тартатууга аркет кылса гана келип чыгыш мүмкүн. Сценарий ушул өңүт менен өнүксө Кыргызстандын жаркын келечегине жана анда жашагандарга крест коюп койсо да болот. Анда жалпы улуттук алкактагы гуманитардык кыйроо башталып, республика ыдырап, мамлекет жок болот, деп жазат Улан Канкор аттуу автор.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG