Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

КЫРГЫЗСТАНДЫК АБИТУРИЕНТТЕР КАНТИП ОРУСИЯДА ОКУУГА ӨТӨ АЛЫШАТ?


Чолпон Аркабаева, Москва Кыргызстанда жалпы билим берүүчү орто мектептерди аяктагандардын жогорку окуу жайларына тапшыруу мөөнөтү да жакындап калды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, 2007-жылы Орусиянын билим берүү министрлиги кыргызстандык бүтүрүүчүлөр үчүн өзүнүн ар кайсы окуу жайларынан 80ге жакын бюджеттик орун бөлөт. Башка программалар аркылуу келип, мамлекеттин эсебинен окугандар да бар.

Азыркы учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында 8 миңдин тегерегинде кыргызстандык студент окуйт. Анын ичинен 800 кыргызстандык студент 81 жогорку окуу жайында бюджеттик бөлүмдөрдө билим алат. Мамлекеттин эсебинен аспирантурада окугандардын саны 60 тегерегинде.

Кыргызстандын Моквадагы элчилигинде билим берүү тармагын тейлеген биринчи катчы Айгүл Чиныбаеванын айтымында, Кыргызстанга жыл сайын берилүүчү бюджеттик орундардын саны көбөйүүдө.

- Кыргызстанга берилүүчү бюджеттик орундардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2000-жылы болгону 34 гана кыргызстандык жаран Орусиянын жогорку окуу жайларынын студенти боло алышкан болсо, быйыл бюджеттик орундардын саны 80 жетмекчи. Акыркы 2-3 жылда кыргызстандык абитуриенттерди техникалык, медициналык, энергетикалык жана айыл чарбасы багытындагы адистиктерге тартып жатабыз. Анткени Кыргызстандын жогорку окуу жайлары негизинен гуманитардык тармактардагы адистерди даярдагандыктан, өлкөдө аталган адистерге муктаждык күчөп баратат, - деди Айгүл Чиныбаева.

Кыргызстандык абитуриенттер үчүн Орусиянын жогорку окуу жайларына (ЖОЖна) тапшырууга бир канча жолдор бар.

Биринчиси, мамлекеттик квота аркылуу келүү. Орусиянын билим берүү министрлиги бюджеттик орундардын тизмесин Кыргызстандын билим берүү министрлигине жиберет. Бул министрлик абитуриенттер үчүн бул тууралуу маалыматты май айларында жарыялайт. Экзамендер республиканын борборунда да, областтарда да жүргүзүлөт.

Экинчиси, абитуриенттер Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги жетектеген «Мекендеш» программасы боюнча окууга тапшыра алышат. Бул программа Орусиянын жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө өтүүнү каалаган постсоветтик мамлекеттердин жарандарына арналган.

Мындан тышкары, кыргызстандыктар өздөрү Орусияга келип, өлкөнүн жарандары менен кошо жалпы негизде экзамендерди тапшырса болот.

Мисалы, Чыгыш таануу адистигине ээ болгусу келген кыргызстандык Болот Амиракунов өз жолу менен эле Москвага келип М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка таануу институтуна орусиялыктар менен кошо экзамен тапшырып өткөн.

- Мен үчүн ушул вариант ыңгайлуу болчу. Менде Гарвард университетине тапшыруу мүмкүнчүлүгүм жок. Бирок мен кирген азыркы окуу жайы да дуйнөдөгү эң алдыңкы, өнүккөн окуу жайларындын бири.

Кээ бир абитуриенттер Орусияга келип, бир жылдык атайын даярдоо курсунан өтүшөт. Болот да ошол курстан өткөнүн айтты.

- Мен былтыр келип бир жыл даярдоо курсуна ийгиликтүү өттүм. Ошол документтердин негизинде окууга тапшырдым. Мындан тышкары, мен кытай тилин да билчүмүн, - деди Болот.

Айрым маалыматтарга караганда, Орусиядан Кыргызстанга бөлүнгөн мамлекеттик квотаны сатып алгандар да жок эмес. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген кээ бир кыргызстандык студенттердин айтуусунда, Орусиянын ЖОЖнын бюджеттик болүмүнө тапшыруу үчүн алар 600дөн 2000 АКШ долларына чейин айрым адамдарга пара беришкен.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар да окууга тапшырганга аракет кылышууда. Алардын айтымында, эмгек мигранттары 2-3 жылдын тегерегинде иштеп, акча топтоп, Орусиянын ЖОЖна тапшырууга даярдыгын башташат.
XS
SM
MD
LG