Премьер-министр Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөттү бийлик жана оппозиция биргелешип курап жатканын билдирди. Анын айтымында, өкмөт курамына оппозициядагы «Асаба» жана социал-демократтар партиялары өздөрүнүн талапкерлерин сунуш кылышты. «Ата-Мекен», «Ар-Намыс», ДКБ партиялары өкмөт курамына кирүүдөн баш тартышты. Бирок, премьер-министр өзү оппозициянын өкүлү экенин баса белгилеп, эми биринчи вице-премьер-министр дагы оппозициядан болот деп айтты. Алмазбек Атамбаев ошондой эле 11-апрелдеги боло турган митинг-акцияларына токтолуп, эч кандай антимитингдерге жол бербей турганын билдирди. Премьердин ишениминде, азыркы саясий кризисти чечүүнүн сүйлөшүүдөн башка жолу жок. «Кыргыздын жакшы макалы бар, өзүндү эр көрсөң, бирөөнү шер көр. Орустар айткандай, «Я начальник, ты дурак» деп туруп алган болбойт. Бир үстөлгө отуруп сүйлөшүп, тил табышуу керек, башка жол жок.Эгерде 11-апрелде кан төгүлө турган болсо, мамлекет жок болот»,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында. Премьер мындан сырткары, президент К. Бакиев оппозициянын талабын кабыл алып, конституциялык реформаларды жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзгөнүн белгилеп, бул маселеде оппозицияны кызматташууга чакырды. Ал президенттин конституциялык реформа болот деген сөзүнө ишенип, шарт коюп өкмөт башчынын кызматына келгенин билдирди. «Эгер конституциялык реформа болбосо, эртен эле бул жерден кетем деп сөз берем, мага креслонун кереги жок»,- деди премьер-министр. (KCh)