Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

КОМПРОМИССТИК КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУ КАНДАЙ КӨРҮНӨТ?


Президент Курманбек Бакиев конституциялык реформа жүргүзүү боюнча жумушчу топ түздү. Ал 11 кишиден туруп, аны премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектейт. Жумушчу топтун курамына оппозициядан 6 өкүлгө орун берилген. Бул арада Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов “Реформа үчүн” кыймыл жана Бириккен оппозициялык фронттун атынан конституциянын долбоорун президентке сунуштады.

Депутат Кубатбек Байболов сунуштаган конституциянын долбоору өткөн жылдын ноябрь айында, андан кийин декабрь айында кабыл алынган конституциялардан бир топ айырмаланат. Албетте, ал ноябрь айында кабыл алынган конституцияга жакын. Бирок бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны боюнча айырмасы бар.

Бул долбоор боюнча Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат. Анын 70 партиялык тизме менен, калган 35 бир мандаттуу округдардан шайланат. Ошол эле кезде бир мандаттуу округдардан талапкерлерди партиялар гана көрсөтөт. Мурдагыдай өзүн-өзү көрсөтүү практикасы алынып салынган.

Долбоордо премьер-министрге талапкерди Жогорку Кеңеш абсолюттук көпчүлүк, башкача айтканда, 105 депутаттын кеминде 53үнүн макулдугу менен көрсөтөт деп жазылган. Премьер-министр жети күндүн ичинде өкмөттүн структурасы, курамы, программасы менен Жогорку Кеңешке келип, ишеним алыш керек. Президент өкмөттү куроого айрым кыйчалыш учурларда гана катыша алат.

Президент ошондой эле беш жылга бир мөөнөткө гана шайланат. Ага мыйзамдарга кол коюу, башкы прокурорду, Улуттук банктын, Эсеп палатасынын башчысын Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындоо жана бошотуу укуктары берилген. Ал өкмөттү кызматка дайындай да албайт, бошото да албайт. Бул ишти Жогорку Кенеш аткарат.

Ошондой эле сот бийлигин куроо механизмдери да өзгөртүлгөн. Маселен, Жогорку Соттун судьяларын Соттук квалификациялык иштер боюнча Улуттук комиссиянын сунушу менен Жогорку Кеңеш шайлайт. Ал эми төрагасын президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт.

Премьер-министр Алмаз Атамбаев Байболов тарабынан сунушталган долбоор парламенттик башкарууга алып келерин, ал Кыргызстан үчүн эртелик кылаарын белгилеп, ноябрь жана декабрь айындагы конституциялардын ортосундагы конституция алуу керек деген пикирин билдирди:

"Ноябрь айындагы конституция менен декабрдагы конституциянын ортосунда компромисс табыш керек. Азыр күч менен ноябрдагыдай конституция алынса, анда кайра декабрь келет. Ошон үчүн сүйлөшүүгө келип, баарын канааттандыра турган конституция жазыш керек".

Кубатбек Байболовдун партиялашы Бакыт Бешимов тескерисинче долбоорду жактоодо:

"Бул президенттик системадан парламенттик системага карай сунулган көпүрө десем болот. Анда президенттин ыйгарым-укуктары чектелген. Премьер-министрди тандоодо, өкмөттү бекитүүдөгү парламенттин ролу өз ордуна келтирилген. Ошондуктан муну алдыга жасалган бир кадам десем болот".

Юстиция министринин милдетин актаруучу Марат Кайыпов Байболовдун долбоорунда каралган парламенттик башкаруунун кемчилигине токтолду:

"Байболов сунуштаган конституция бул парламенттик бийлик формасына ылайыкташтырылган конституция. Дүйнө жүзүндө парламенттик бийлик формасы моноулутка тиешелүү. Кыргыз өлкөсү моно улут эмес. Биздин калк сексенден ашык улуттардан турат. Ошондуктан парламенттик бийлик формасы жакшы иштеп береби? Бул талаш нерсе".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG