Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

ТҮШТҮК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫ ЭКИ ТАРАПТА ЭПКЕ КЕЛҮҮГӨ ЧАКЫРАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облустук акимчилигинде губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгеси менен Ош, Жалалабад жана Баткен облустарынын интеллигенция өкүлдөрүнүн кезексиз чогулушу уюштурулду. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууга алынып, саясий кризисттен чыгуунун жолдорун издөө үчүн сүйлөшүү үстөлүнө тезирээк олтурууга бийлик менен оппозицияга чакырык ташталды.

Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов өткөн 15 жыл аралыгында кыргыз интеллигенциясынын өлкөдө жүрүп жаткан ар кандай окуяларга үн катпаган кайдыгердиги жана макул болуучу кулчулук мүнөзү анын кадыр-баркына эбегейсиз көлөкө түшүрдү деген оюн билдирди.

Жыйынга алып баруучулук кылган Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев бийликтин кемчилдиктерин сындап көзгө сайган жана ошол эле учурда конструктивдүү сунуштар менен чыккан саясий күчтөр жок болуп жаткандыгын белгиледи. Мындай кырдаалда инттеллигенция өкүлдөрүнүн активдүүлүгүнүн төмөндүгүн айтты.

Ал эми Ош облустук маданият башкармалыгынын башчысы Исирадин Аманбаев болсо бул көрүнүштү интеллигенция катмарына мамлекеттин тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай калгандыгынын натыйжасы катары баалады:

- Кийинки мезгилде биздин өкмөт мамлекет интеллигенцияга абдан начар мамиле жасап жатат. Ошондуктан интеллигенция өзүнүн баркын жогото баштады. Маданият тармагында иштегендердин турмуш-шартына акыркы мезгилде жакшы көңүл бурулган жок, - дейт Исирадин Аманбаев.

Жыйналыштын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал кеңири талкууга алынып, бийлик менен оппозициянын тирешүүсүндө инттелигенция өкүлдөрү калыс позицияны тутунуу менен эки тарапты тең эпке келтирүүгө аракеттенүү зарылдыгы белгиленди. Ош кыргыз-өзбек университетинин ага окутуучусу Гүлнара Сабыралиева бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн коомчулукка ачык сүйлөшүүсүн уюштуруу жана бул демилгени эки тараптан тең талап кылуу сунушу менен чыкты:

- Оппозиция бийлик менен сүйлөшүп столго отурсун. Кандайдыр бир проблемалар болсо ошол жерден чечишсин. Биз интеллигенция керек болсо ошого калыс күбө болуп беребиз, - деди Гүлнара Сабыралиева.

Жыйналыштын аягында мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жана оппозициялык бириккен фронттун лидери Феликс Куловго багытталган кайрылуу кабыл алынып, анда коомдук саясий кырдаалды курчутпоо максатында эки тарапка тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү шарттары сунушталды.

XS
SM
MD
LG