-Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлөт. Ал укук мага берилген. Мен бүгүн түнгө чейин «Реформа үчүн» кыймылдын, Бириккен фронттун өкүлдөрү менен сүйлөшөм. Азыртан эле айтайын. Ошол эле кыймылдан атактуу эле адамдар табылып атат. Конституциянын формасы аралаш болушу керек. Андан башкасы бизге жарабайт. Анткени, парламент биринчиден партиялык тизме менен шайлансын, анан кийин бул маселени карасак болот.
Алмаз Атамбаев «бийлик тынчтык жолу менен бийлигин өткөрүп берүүсү керек»- деген Феликс Куловдун билдирүүсүн ойлонулбай айтылган билдирүү катары баалайт. Анын айтымында, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү мамлекеттин бөлүнүп жарылуусуна алып келет. «Эгерде 11-апрелде кан төгүлө турган болсо, мамлекет жок болот»,-деп баса белгиледи Атамбаев. Анын көз карашында бийлик менен оппозиция сүйлөшүү жолу менен учурда түзүлгөн саясий оор кырдаалдан чыгуусу зарыл.
Өз сөзүндө премьер-министр Тажикстандагыдай окуяга жол берилбестигин баса белгиледи. Ошондой эле 11-апрелде өтүүчү митингге барып катышып, өз оюн айтарын, митингге каршы бийлик тарабынан антимитинг өткөрүүгө жол бербестигин билдирди. Атамбаев кызматка өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн келгенин айтты.
"Мен деле өкмөткө келип жатканым кызмат үчүн эмес. Мага кызматтын эч кандай кымбаттуулугу жок. Өзүңүздөр деле көрбөдүңүздөр беле. Апрелде «криминалдын» баары борбордук аянтка чыкканда мен Курманбек Бакиевге айттым. «Көчөлөрдө криминалдар жүрүшөт. Ак үйдө уурулар толду», деп өз каалоом менен кызматтан кетпедим беле. Мен ар убакта өз пикиримди дайыма ачык айтам. Мен мамлекетте туруктуулуктун сакталышына аракет кылайын деп келдим.
Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү Кубатбек Байболовдун айтымында, эгерде «ак үй» ал сунуштаган Баш мыйзамдын долбоорун жактырбаса, бийлик өзүнүн долбоорун сунушташы керек эле. Бирок, бийлик алигиче Конституциянын долбоору тууралуу өз оюн билдире элек.
-Биз беш-алты жолу билдирүү жасабадыкпы бул комиссияга биз кирбейбиз деп. Биз өүзүбүздүн көз карашыбызды бийликке бердик. Эми бул болбой эле күчкө салып, комиссияга киргизебиз деген эле аракет. Анын себебин мен жакшы билип турам. Булар (бийлик) өздөрүнүн көз карашын коомчулукка жарыялагандан коркуп атпайбы. Конституциянын жаңы долбоорун жарыяласын да. Анан эл көрсүн. Баасын берсин. Ошондо булардын канчалык реформатор экендиги көрүнөт.
Кубатбек Байболов белгилгендей, жеке президент тарабынан оппозиция менен сүйлөшүүгө сунуш болгон эмес. Бириккен фронт 11-апрелдеги митингде бийликке койгон талаптарынан кайтпайт.