Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

ТУТКУНГА АЛЫНГАН БРИТАН СУУЧУЛДАРЫ БОШОТУЛДУ


Иран президенти 4-апрелде атайын жарыя жасап, 23-мартта Перс булуңунда туткунга алынган британиялык суучулдардын күнөөсүн кечкени тууралуу билдирди. Алар дароо бошотулду.

Он беш британиялык суучулду туткунга алган Ирандын айтымында, алар өлкөнүн деңиз чек арасын бузган жана аны - алар өздөрү алып жүргөн атайын аспаптар дагы көрсөткөн. Ошондуктан маселени сотко жеткирбестен дипломатиялык сүйлөшүү менен чечүү үчүн Лондон күнөөнү моюнга алыш керек болчу. Андай сүйлөшүүгө Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани жана британ премьер-министринин кеңешчиси Найжел Шейнвалд катышкан.

Бирок премьер Тони Блэр 3-апрелде - суучулдарды бошотуу ишинде келерки 48 саат орчундуу мааниге ээ болот деп айтканын айрымдар - АКШ Иранга каршы аскерий сокку урууга даярданып жатат деп чечмеледи. Башкалар болсо туткундар маселесин - Ирактын аймагында мурда ирандыктар кармалып кеткени менен байланыштырган.

2-апрелде Ирактагы туткундан Ирандын Багдаддагы элчилигинин экинчи катчысы Жалал Шарифи бошотулду, ал февралда жоголгон жана Тегеран ал үчүн Вашингтонду күнөөлөгөн. Бирок окуянын чоо-жайы так белгисиз бойдон калууда.

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында болсо Ирактагы Эрбил шаарында америкалык аскерлер тарабынан беш ирандык жаран кармалып кеткен жана Тегеран 4-апрелде билдиргенге караганда, алар менен Иран өкүлдөрүнүн жолукканына алгачкы жолу уруксат берилди.

Ал адамдар туткундагы британ суучулдарына алмаштырылышы мүмкүнбү деген суроого АКШ президенти Жорж Буш 3-апрелде жок деп жооп берди: "Британ суучулдарынын кармалганын эч нерсе менен негиздөө мүмкүн эмес. Аларды тынчтык жолу менен бошотуу үчүн британ өкмөтү көрүп жаткан аракеттерди мен колдойм, биз Лондон менен ал жөнүндө такай сүйлөшүп турабыз. Бирок барымта маселесине келгенде биз кимдир бирөөнү башкага алмаштыруу ыкмасын, премьер Тони Блэр айткандай, четке кагабыз", - деди президент Буш.

Британиянын "Индепендент" гезити 3-апрелде жазганга караганда, ал беш адамды кармаганда америкалыктар - Иракка кызмат сапар менен келген Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Мохамед Жафари жана чалгындоо кызматынын генералы Муножахар Фрузанданы кармоого аракеттенген, бирок ал план ишке ашпай калып, колго башка беш адам түшкөн.

Ошол эле 3-апрелде АКШнын "Эй-би-си" сыналгысы билдиргенге караганда болсо, Ирандын түштүк аймактарында аракеттенген "Жандулла" деген террордук уюмга Американын коопсуздук кызматтары жардам көрсөтүүдө. Бул маалыматтын баарын Вашингтон четке какты.

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад болсо 4-апрелде Тегеранда узун сөз сүйлөп жана британ суучулдарын кармаган чек арачыларга сыйлык берип, аягында британдардын күнөөсүн кечкени тууралуу жарыялады: "Бул аскерий адамдарды соттоого биздин толук укугубуз жана мүмкүнчүлүгүбүз болсо дагы, Иран эли жана Иран өкмөтү алардын күнөөсүн кечирет жана биз аларды эркиндикке чыгарабыз", - деди Ахмадинежад.

Анын айтымында, бул чечим - 7-апрелде белгилене турган Мухаммед пайгамбардын туулган күнү жана 8-апрелде христиандар белгилей турган Пасха майрамына белек болот.

XS
SM
MD
LG