Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин алдына ачкачылык акциясына чыккандар үчүн боз үйлөр тигиле баштады. Алгач боз үйлөрдүн тигилүүсүнө милиция кызматкерлери тоскоолдук жасашкан. Бирок бардык документтер көрсөтүлгөндөн кийин алар улуксат кылышкан. Ачкачылык акциясына чыккандар үчүн жалпысынан 10 боз үй коюлмакчы. Оппозициянын урааны астында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону талап кылып 109 киши ачкачылык акциясын баштай турганы жарыяланган. (AiT) --