-16-февралда «Агым» гезитине жарыяланган макалаңыздын бир жеринде минтип айтыпсыз: «Уул-кыздарыбыздын дени сак, акылы тунук, мекенчил тарбияда өсүп, турмуш жолуна аттанышы - улутубуздун, мекенибиздин келечеги» деп. Талаш жок, бирок канткенде ошондой болот?
- Ар бир баланын ички акыл жөндөм дараметинин өнүктүрүлүшү, денсоолугунун чың болушу, өлкөбүзгө өтө зарыл маселе. Ага шарт түзүү – мамлекеттик милдет. Улут келечеги ушунда.
21-кылым интеллектуалдардын, маалыматтык технологиянын кылымы экендигине жараша жүргүзүлүшү керек, бардык иш. Ошондо өлкөдө азыркыдан башкача кырдаал түзүлөт. Жаштарыбыз жан үрөп окуй башташат. Билимге, илимге умтулат.
Мектептеги кезинен баштап интернет, техника, технология сырларын жакшылап өздөштүрүүлөрү абдан маанилүү.
Мисалы, америкалык Сергей Брин (Google программалык системасынын негиздөөчүлөрүенүн бири) бала чагынан интернетке кызыгып, кийин студент кезинде эле маалымат табуунун мурда эч качан болбогон жаңы түрүн ачкан.
Анан өзүнчө компания түзүп, тез эле миллиардер, жер жүзүндөгү эң бай адамдардын бири болуп чыга келген. Өлкөсүнүн казынасына салык түрүндө жылына 3,5 миллиард доллар салым кошуп турат.
Биздин өлкөбүздүн бюджетинин киреше бөлүгүнөн бир нече эсе арбын болуп атпайбы. Өлкө турмушунда ушул сыяктуу маселелер дайыма тереңдетилиши керек деген ойдомун.
- «Мамлекеттин өнүгүшү да, начарлоосу да башкаруучулардын чечкиндүүлүгүнө, акылына жараша болот» деп айтылып жүрөт «Мекеним-Кыргызстан» жаңы муун кыймылынын программасында. Мунун мааниси эмнеде?
- Ар дайым, эмне кылуу керек, деген түгөнбөгөн түбөлүк суроо келип чыгат. Медицинадагыдай оорунун келип чыгыш себептерин табуу керек. Диагнозу таамай аныкталып, анан дарылоо башталгандыгы сыяктуу эле, өлкө, коом турмушунда да ошондой болгондо гана абал оңуна келет.
Бул жерде дарыгерлер кимдер болот? Албетте, билги адамдар. Адамдын бүт организми кандай тартипте иштесе, мамлекет турмушунда да ошондой болушу керек.
Коом, мамлекет турмушун жөндөй албай жаткандыгыбыз – чындык. Жоопкерчилик жагынан өтө так жана даректүү система иштемейин, башаламандыктан арылуу мүмкүн эмес.
Чынгызхандын армиясында тартип бекем сакталган. Мисалы, инженердик аскерлер болгон. Алар сепилдерге чабуул жасоодо ар кандай ыкмаларды ойлоп таап турушкан. Аскердик күчтөрдүн ар бири түпкү максатты акылы менен да, жүрөгү менен да туюп турушкан.
Ошого салыштырып бир мисал келтирейин. Салык инспекциясы: менин ишим салык чогултмай дейт. Жок, андай эмес. Салык чогултуу маселенин үстүңкү эле жагы. Образдап айтайын. Колуңузда 25 литр сүт берген уйуңуз бар. Ал сүт оокатыңызга жетпейт, аздык кылат. Сизге күнүнө 100 литр зарыл. Эмне, жалгыз уйду жем-чөпкө шыкап, кактап саай бересизби? Антсеңиз уй сүрдүгүп өлүп тынат. Эмне кылуу керек?
Жооп – жөнөкөй. 25 литрден сүт берген дагы 3 уй сатып ал. Маселе чечилет да калат. Ошол сыңары салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү керек. Салык жеңил болуш керек. Түпкү максат ушунда турат.
- Парламентке кандай адамдар келиши керек, Сиздин оюңузча?
- Парламентте ар дайым калыстыгынан жазбаган, Мекенине, элине күйүмдүү адамдар олтурушу керек. Акыл-ой дүйнөсү тереңдер акчасы жок болсо эле парламентке өтпөй калбашы керек. Шайлоочулар акчаны эмес, акыл-эсти, жөндөмдү шайлагыдай болушу керек.
Шайлоочулар ушундай деңгээлге өсүп жетилерине мен ишенем. Мекенчил, эл ишине берилген адамдар, чыныгы эл кишилери эл башында болгон жерде эл ичи тазарат. Эл арасындагы табиятынан таза, акылы тунук, сөзү таамай адамдардан Элдик Кеңеш түзүлсө, Англиядагы лорддор палатасы сыяктуу, далай маселени ошолор оңуна салып турат эле. Кыргыз элинин Элдик Курултайында терең философия жатат Кыргыз демократиясы ушул да.
- 280 миллион сом акча каражатыңызды "мага кайтарып бербей эле койгула" деп айтканыңыз чынбы? Элдеги ушунча насыяны кечкендигиңиздин себеби эмнеде?
- Пейил тарыбасын. Көңүлү тойбогон адам дайыма кедей болот. «Жети киши тоюнган жерде сегизинчиси ачка калбайт» деп айтылат эл оозунда. Кыргыз элинин айкөлдүгү – улуу дөөлөт. Ошого көңүлүм ток.
Колуман келишинче, элиме, мекениме жардамымды дагы да берем.
- Азыр «Аврораны», «Кристалды» сатуу аракеттери чыр-чатак менен коштолууда. Мына ушундай объектилерди мыйзамсыз сатууга кандай карайсыз?
- Таптакыр туура эмес. Социалдык капитал деген бар. Ал кыргызча улуттук ыйык байлык деп аталат. Аны сатууга болбойт. Аны иштетүү жолун тапса, өкмөттү ошондо жакшы деп айтса болот.
Жер сатылса, тоолор сатылса, өзөн сууларыбыздан айрылсак, эртең кыргыз кайда барат. Ал ишканалар күүлдөп иштеп, очойто салык төлөп, элибизге үзүрү тийсе, анда башка кеп. Биринин шапкесин бирине кийгизип, оңой олжого туйтунуп, көз будамайлап, өлкөнү алдагандарга жол берилбеши керек.
Сталиндин убагында мамлекетке зыян келтиргендер атууга кетчү. Өлкө таламын көздөй билүү билги, таза адамдардын гана колунан келчү иш.
- Партияңардын аталышы эмне үчүн «Мекен-Туу»?
- Алты кылым мурда жыгылган Туубузду кайрадан көкөлөтө көккө көтөрүү, кыргыз элинин кайрадан жаралышы – азыркы ааламдашуу заманындагы улуу ураан. Өз алдынча өлкө болуп, өз тагдырыбыз өз колубузда дегендей. Мекенибиздин келечегине ар бирибиз жоопкербиз.
Мекенин туу тутпаган эл жок. Мекенин душмандардан коргобогон эл барбы? Жок. Ар бир атуул Мекенине сыймыктанат. «Ар кимдин туулуп – өскөн мекени – мисир», «Туулуп-өскөн жериңдин топурагы алтын» делип элибизде бекеринен айтылып калбаган да.
Алыста жүрсө – сагынат. Мекенибиз – Кыргызстаныбыз ар бирибизге – ыйык. Партиялык саясий уюштуруу иш-аракеттерибиз Мекенибиздин гүлдөп өсүп-өнүгүшүнө арналат. Ошондуктан партиябызды «Мекен-Туу» деп атадык.
-Эмне үчүн президенттике кандидатураңызды койдуңуз эле?
- Менин көздөгөнүм мекениме, элиме ак дилден кызмат кылуучуларга өрнөк болоюн, өбөлгө болоюн дегем. Менин жардамыма ким муктаж болсо ошого жөлөк болоюн дегем. Мекендештериме дем болуп, аларды албан-албан максаттарга шыктандырууну көздөгөм. Кыргызстаныбыз кайра жаралып, жаңыланышын көздөгөм. Калайык-калк менин үнүмдү укса экен дегем.
- Сизди 2005-жылы 17-июнда Акүйдү басып алуу аракетинин артында турган деп күнөөлөп жүрүшөт. Бул доого жообуңуз кандай?
- Биздин бир гана талабыбыз болгон. Ал президенттикке талапкер катары каттоого жетишүү болчу. Каттоодон өткөрбөй коюп, бийлик атайын чагым чыгаруу үчүн жалаа жабышкан.
Мына ушундай кырдаал алдыда боло турган 11- апрелдеги митингде да болуп кетиши ыктымал.
Баарын таразалайбыз, баарын көзөмөлгө алып карайбыз деп жатышат. 17-июндагыдай окуя болбойт деп эскертип алдын ала айтышууда.
Бирок тилекке каршы биз дагы ошентип ойлогонбуз. Биз дагы элди кармап, Акүйгө киргизбейбиз дегенбиз. Бирок элди кармаш кыйын экен.
11-апрелде миндеген адам келиши күтүлүүдө, мында ойго келбеген татаал жагдай түзүлүп кетиши мүмкүн. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Кулов да, Бакиев дагы, ал түгүл Алмазбек Атамбаев да кепилдик бере албайт.
17-июнда элден эч күнөө кетпеди, арасында чагымчылдар болуп, ошолор элди тукуруп, атайын жаманаттылоо максатына жетишти. Ошол чагымчылар элди сүрөөнгө алганда, кызуу кандуу эл толкуп Акүйгө кирип кетишкен. Талкалап, бийликти тартып алуу жана башка эч кандай максаттар болгон эмес.
Селдей каптап кетүүчү элдин күчүн токтотуу кыйын. Ошондуктан элди алдоо, басынтуу, коркутуу саясаты менен эмес, адилет мыйзам менен гана башкаруу керек.
- Кыргыздын соңку тарыхий инсандарынан Сизге чоң таасир эткендери кимдер?
- Исхак Раззаков, Насирдин Исанов, Абсамат Масалиев. Н. Исанов Ыссыккөл облустук аткаруу комитетинин төрагасы кезинде бизнестик аракеттериме түшүнүп, колдоого алып жүрдү.
Заводго келип, көрүп чыгып далай маселелерди дароо чечип койчу. Бул өзү – ишбилги адамдын гана жасаар иши. Түз сүйлөп түз жүргөн, кыргызым деп күйгөндөрдүн бири эле. Көп нерсеге көзүмдү ачты. Үйүндө да көп болдум.
Кийин Абсамат агай менен да көп эле жолугуп жүрдүм. Суу электр станцияларын куруу жагынан ал киши экөөбүз идеялаш элек. Кээде ушул маселеде ой бөлүшүп, таңатырган күндөрүбүз да болгон.
Камбарата ГЭСи курулуп калса ага Абсамат аганын ысмы ыйгарылса туура болот эле, бул үчүн колдон келген аракетти жасайм. Хуриев деген киши менен тааныштырган эле. Биздеги ГЭСтерди ошол киши курдуруптур. Раматылык Абсамат агайдын эл ишине берилгендиги, таза жүргөндүгү – баарыбызга түбөлүк өрнөк.
- Мамлекетибиздин келечеги – кайсы багытта жүрүшү керек: бирөөлөр айтат өнөр жайы деп, дагы бирөөлөр айыл чарбасы, мал чарбасы дешет. Мүмкүн мунун баары, мурдагы замандан калган түшүнүктөр болуп жүрбөсүн?
- Негизи туура коюлган суроо. Суроонун таамай коюлушу маселенин 90 пайызга чечилгени деп бекеринен айтылбаган чыгар. Мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрү так таразаланып, келечек багыттары таамай аныкталышы – өтө зарыл экендигинде эч талаш жок.
Өзүмдүн окуган, көргөн-билгендериме таянып, айтарым мындай. Биринчиден, дүйнөдө эмне болуп жатат, кай жакты көздөй баратат, бардыгы ошого жараша. Дүйнө келечеги кайсы өңүттө, биз кыргыздар ошону көздөөгө алышыбыз керек деген ойдомун.
Өзүмө дайыма мындай суроо коем: эмнеси жок адам жашай алат, эмнесиз жашай албайт? Ушунун жообун кубалап жүрүп олтурсак, баары орду-ордуна коюлат.
Адам алтын, бриллиант, нефтисиз жашай берет. Таза аба, таза суу болбосо жашай албайт. Биздин Мекенибизде эмне бар? Так ушу айтылгандай суу, аба бар. Демек, өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүнө сууну пайдалануу деген маселе келип чыгат.
Суудан ашкан байлык жок:
«Ай аккан суу, аккан суу,
Ай, Ааламды баккан суу…
Жабыркатпай жай, кышы
Жандын баарын баккан суу» деп айтылуу ак таңдай акын бабабыз Жеңижок «Аккан сууну» жети күн бою катары менен айтып, араң бүтүргөнү, «Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген» делип эл оозунда макал болуп айтылып калганы бекеринен эмес да.
Биздегидей таза суу байлыкты эч бир өлкөдөн көрө албадым.
Далай эл таза суу дегенде зар какшап, океандын шор суусун чыпкалап оокаттарына пайдаланып жүрүшөт. Ошолорго сатыкка чыгарсак, бул жагы да өлкөбүзгө кызылдай акча.
Казарманда суу сактагыч курулса, ал өлкөбүздүн экономикалык да, стратегиялык да абалына тоодой тирек болор эле. 21-кылымда суу – Кыргызстандын негизги байлыгы.
Табияттын өзү айтыбатат: мендеги ушул берекени пайдалангылачы кыргыздар, оокатыңар оңолот, далай маселеңер чечилет деп.
Сугат менен ичимдиктен тышкары, энергетика жагы эмне деген байлык! Дагы далай ГЭСтерди курууга, табигый да, турмуш жүзүндө да мүмкүндүк бар.
Кубаттуу насосторду орнотуп, суунун энергетикалык күүсүн, кайталап айлантып пайдалансак электр кубатын азыркыдай үч ай эмес, 12 ай бою үзгүлтүксүз бир калыпта алып турууга болот.
- ГЭСтерди курууга каражат кайдан табылат?
- Табылат! Россиядагы Газпром акция деп аталган кагазды сатыкка чыгарып, капитал каражаты 270 миллиард долларга жетти. Ошол сыяктуу биз дагы суу энергетикалык табигый берекени пайдаланышыбыз керек.
Мисалы, курула турган бардык ири ГЭСтер бир акционердик коомго бириктирилет. Акциялардын негизги топтому өзүбүздүн мамлекетке таандык болот. Калганы ири инвесторлорго сунушталат. Дүйнөлүк фонддук биржага чыгарылат.
Суу энергетикасынын келечеги кең экендигин билишип, биздин акцияларды сатып алышат. Ошондон түшкөн акчаларга ГЭСтер курулат.
Казакстанда суу энергетикалык табигый мүмкүндүк жок. Кытайдын батышында да ошондой. Бизден алууга аргасыз болушат.
Ошентип, өлкөбүздүн казынасына миллиарддаган доллар агылып келе баштайт. Бай мамлекетке айланабыз. Көмүр жана газга болгон муктаждык азаят. Экологиялык тазалык сакталат.
- Анча болду, аягына чейин айтсаңыз, дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар өлкөбүздүн өнүгүшүнө?
- Мисалы, күндүн кубатын пайдалануу. Мунун технологиясы жалпыга маалым. Республикабыздагы адистер да билишет. Техникалык каражат кымбат.
Кымбат кылып аткандардын негизгиси кремний. Химиялык бул элемент биздин Ташкөмүр шаарында жасала баштаган. Анын өздүк наркынын арзан болушу үчүн ага колдонулган энергия арзан болушу жана таза, муздак суу керек экен. Ошентип кремний жасап чыгарып, же биротоло прибор жасап сатсак, акча-каражат туш-туштан ири суммаларда түшүп турмак.
Дагы бир ири мүмкүндүк бар. Ош – Эркечтам жана Бишкек – Торугарт машине жолдору да, темир жолдору да курулушу керек. Ошондо унаа коммуникациясы жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Россияга, Казакстанга, Европага биздин өлкөбүз аркылуу транзиттик жол ачылат. Товар жүгүртүү тездетилет. Бажы, терминал жана башкалардан улам казнага 3 – 4 миллиард доллар киреше болот эле. Далай мекендештерибиз жумуш менен камсыздалат.
Ош – Баткен жолун куруу Өзбекстан жана Пакистан мамлекеттери менен соода-сатык байланыштарын өркүндөтөт. Сарычелек, Каражыгач жолдору экологиялык мыкты жерлерибизге туризм багыттарын ачат. Ысыккөлгө чейин, андан ары «Ысыккөл алтын алкагын» камтып, Нарынды карай эң жаңы технологиялар менен жабдылган жолдорду куруу – мунун баары реалдуу келечек. Унаа жол инфраструктураларынын өнүгүшү дүйнөлүк рынокко чыгуубузду шарттайт.
-Туризм багытын да эскерип кеттиңиз окшойт?
- Ооба, туризм өлкөбүздүн чоң келечектеринин бири. Туризмдин элиталык борборлорунун өнүктүрүлүшүнүн мааниси чоң.
Ысыккөлдүн айланасында 5 жылдыздуу мейманканаларды, дүйнөлүк деңгээлдеги спорт комплекстерин куруу деген маселе – учур талабы.
Инвесторлордун көзүн кызарта турган долбоорлорду иштеп чыгып сунуштоо керек. Сулаймантоо, Чолпоната, Манастын күмбөзү, Карашородогу тирүүкөл, Апшырата, Миңүңкүр, Чачыкейдин Чаты, Ташрабат жана башка толубаткан сырдуу, туристерди кызыктырчу жерлерибиз көп.
Бийик тоо чокулар, мөңгүлөр, аска тоо арасындагы көлдөр, дарыялар, үңкүрлөр, альпинизм, спелеология, рафтинг, треккинг – булардын баары туризмдин өнүгүшүнө табигый береке.
- Табигый береке дедиңиз. Бул жагынан дагы кандай келечек бар?
- Дүйнө жүзүндөгү дары чөптөрдүн 70-80 пайызы өлкөбүздүн аймагында. Табияттан элибизге ыйгарылган бул энчини өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүнө, элибиздин денсоолугуна пайдалансак – бул дагы чоң мүмкүндүк.
- Жалаң эле жаратылыш байлыкка таяна бербей, башка жактары да болсо керек?
- Албетте. Өлкөбүздүн өнүгүшүндө финансы жана банк системасы дагы чоң мааниге ээ экенин айта кетпесек болбойт.
Кыргызстан салыктын ставкаларын азайтып, банктардын жана финансы каражаттарынын борбору болууга мүмкүнчүлүгү бар.
Американын бир эле Сити банкынын бир күндүк акча жүгүртүүсү – бир триллион доллар. Элестетип көрөлүчү. Анын бир финансылык фирмасы, филиалы, өлкөбүздө киреше салыктын абдан азайтылгандыгына кызыгып, бизде жайгаштырылып иштей баштады дейли.
Он эле пайызы ошол биздегилери аркылуу өтсө салык түрүндө миллиондогон доллар биздин мамлекеттик бюджетке түшөт. А дүйнөдөгү ири банкирлер, салыгы аз, мыйзамдары жакшы жерлерге барышат.
Ушул жерде Улуттук банк жөнүндө бир ойду айта кетейин. Бул маселени жалпыга түшүндүрүү кыйла кыйын, а бирок экономистер айткандарыма түшүнөр.
Өлкөбүздүн азыркы абалында, келечекте да Улуттук банк далай маселелердин чечилишинде ачкыч сыяктуу мааниге ээ. Мисалы, Америкада Федералдык резерв банкка өзгөчө көңүл бурулат.
Бул бекеринен эмес. үстөктүн (проценттик ставкалар) көбөйтүлүшү, азайтылышы жумушсуздук маселесине, акчанын жүгүртүлүшүнө, экономикага, финансыга таасир этет.
Макроэкономикага катышы бар факторлору толубатат.
Мисалы, АКШ доллары дүйнөнүн бардык жактарында бааланат. Өз убагында Чынгызхан да ушундай ыкманы колдонгон экен. Кайсы өлкөнү, элди колуна алса, өзүнүн армиясынын муктаждыктарын камсыз кылууда (кийим-кече, тамак-аш, көптөгөн аттарына жем, чөп ж.б.) дароо ал жерге акча иретинде чака тыйын киргизген.
Ал эч нерсе менен камсыз кылынган эмес. Чынгызхандар кеткенде ал жердеги эл ал тыйындарды эмне кыларын билбей олтуруп кала беришкен.
Ошол сыяктуу АКШ дүйнөнүн кайсы гана өлкөсү болбосун доллары аркылуу үстөмдүк абалда.
Америка Кошмо Штаттары менен мамиле кандай түзүлөт, өлкөбүздүн абалы көп жагынан ошого да жараша болот.
- Кандайча?
- Алар дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн ана башы. Алардан үйрөнө турган жактарыбыз абдан көп.
Американын мамлекеттик өнүгүшүндө Авраам Линкольндун, Жорж Вашингтондун даанышмандыктары – тарыхий өрнөк.
Жеке ишкерлердин өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымын алалы. Бир эле Билл Гейтс, Уоррен Баффет деген миллиардерлер мамлекет казынасына жылына 20 миллиард доллардан киреше берип турушат.
Бизнести кантип жүргүзүш керек?
Муну Кока-Кола, Пепси-Кола, Жилет, Женерал Электрик сыяктуу компаниялардан үйрөнсө болот.
Жөндөмдүүлүктөрдүн өнүгүшүнө бул өлкөдө кеңири шарт түзүлгөн. Менежер Питер Друкердин китептерин окуган адам көп нерсеге түшүнүп чыга келет.
Массачусетс, Гарвард университеттери сыяктуу окуу жайларындагы жетишкендиктер – билим берүүдөгү, адистерди, кадрларды даярдоодогу туу чоку.
- Өлкөбүздүн азыркы абалынын оңолушунда, Эл аралык кызматташууларыбыздын, карым-катнашчылыктардын калыптанышында, өнүгүшүндө тышкы байланыш иштерибиздин мааниси чоң.
- Казак, өзбөк, түркмөн, тажик элдери, ошол мамлекеттер менен бир тууганча, калгандары менен сый мамиледе болушубуз керек.
- Мунун баары жакшы. Эми буларды кантип ишке ашырыш керек?
- Айтылгандардын баарын орду-орду менен жүзөгө ашыруу үчүн биринчиден, иштин башында билги адамдар турушу керек. Алар билимдүү, даанышман, маселенин түпкүрүн, күрөө тамырын туя билген, Мекеним, улутум, кыргызым деген кесипкөйлөр болушу керек. Өлкөбүздүн өнүгүшүнүн багыттарына жараша жаңы кесиптер келип чыгат. Окуу системасы ошого жараша өзгөрүлөт.
Гидроэнергетика десек, ошо боюнча инженер, программист, гидротехник; туризм десек ал жагынан чет тил билген адистер жана башка кесип ээлерине зарылчылык туулат.
Ошентип бүт окуу жана адистерди даярдоо иштери өлкөбүздүн өнүгүү багыттарына шайкештелет. Кесип тандоолор да өзгөрүлөт. Мугалимдердин, окутуучулардын жаңы мууну өсүп чыгат. Алардын эмгек акылары азыртан эле 500 доллардан кем болбошу керек. Чет өлкөлөргө жиберилип, ал жактагы алдыңкы иш-тажрыйбаларды өздөштүрүүлөрү зарыл.
Натыйжасы – Кыргызстаныбыз, элибиз жаңыланат.
- Бармак тиштеп, ичиңиз ачышкан- арманыз барбы?
- Биринчиден элимди сагындым. Экинчи бүгүнкү өлкөдө түзүлгөн кырдаалга, абалга ичим ачышып, көңүлүм ооруп турат. Мындай кырдаалдан оппозициясы да, позициясы да сүйлөшүү жолу менен сөз табышып, бир тилге келишсе болмок. Тилекке каршы, эки тарабы тең тырышып, кеп-сөзгө келбей жатышат.
Эл мунун баарын көрүп түшүнүп турат. Кимдин талабы эмне экени анык болду. Эл дагы мунун баамдап сезип турат.
Бир - эки күндөгү окуялар аныктап койду. Элди аябай эле эзип коюшту. Учурда калкты кыйынчылыктан чыгаруу боюнча бирөөнүн да программасы жок.
Кийинки президент ким болушу керек. Ким премьер- министр болот, бийлик кимге тийип, кандай башкаруу керек? Алар элди кыйынчылыктан, жакырчылыктан кантип чыгаруу керек?
Элдин курсагын кантип тойгузуу керек? Кантип жумуш менен камсыз кылуу зарыл? Ар кайсыл жерде тентип жүргөн кыргыздардын башын кантип бириктирүү керек?
Мына ушуларга баш ооруткан бирөө жок, бирөөнүн да программасы жок. Ошондуктан улам бир өкмөт башчы алмашуудан эч өзгөрүү болбойт.
Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, парламентте бир дагы аялзатынын өкүлү жоктугу.
Кыргыздарда аялзаты тууралуу канча дастандар жазылды. Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Каныкей, Айчүрөк, Акылкарачач, Курманжан даткадай асыл нарктуу асыл апаларды бийлик бутактарына катыштыруу керек.
Мындан коом, өлкө гана утушка ээ болот. Себеби алар боорукер, мээрман, куттуу очок ээлери калыстыктын үлгүсүн, иштермандыкты көрсөтө алышмак...