- Реформачылар сунуш эткен долбоордун авторлорунун бири Кубатбек Байболов кечээ биз менен болгон маегинде Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу бул аралаш президенттик-парламенттик башкаруу формасы деди. Сиз ушул ойго кошуласызбы?
- Чындыгын айтканда, Конституциялык реформа жөнүндөгү сөз көп жылдардан бери болуп келе жатат. Бирок, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгууга келгенде биздин эмнегедир жолубуз болбой келе жатат. Кубат Байболов иштеп чыккан вариант бар, президенттин жарлыгы менен бекитилген, Алмаз Атамбаев башында турган комиссия дагы бир вариант иштеп чыгат жана башка варианттар да болушу мүмкүн. Канчалык варианттар болбосун эң негизи үзүрлүү, жеңиштүү, өзүбүздүн талабыбызга, кызыкчылыгыбызга жооп бере турган Конституцияны иштеп чыгуунун эң негизги эрежесинин бири - бул кандай коом курабыз жана өкмөттүн кайсы бийлиги, бийликтин түрү, бийликтин эң негизги бутагы, ошолордун формалары жөнүндөгү маселени чечип алуу керек. Бул маселе чечилмейинче канчалык көп варианттарын издеп чыкпайлы, баары бир жемишсиз боло берет.
Ошондуктан, мен илгертен адегенде биз башкаруунун кайсы формасын тандап алабыз, ошону аныктап алып туруп анан кийин Конституция жазасак деген сунуштарды айтып келе жатам. Бирок эмнегедир ошого жетпей койдук. Азыр деле Кубат Байболовдун проектиси боюнча аралаш форма болуп жатат. Чынын айтканда, илгертен менин жеке оюм, Кыргызстан үчүн президенттик башкаруу формасы болгондо жакшы болот эле чакан республикага. Кыргыздын чындыгы ушул - бүгүнкү саясий кырдаалдан аралаш башкаруу болгондо чыга албай турган болуп турабыз.
Алмаз Атамбаев иштеп чыккан вариантты президент карап чыгып, макул боло турган болсо, өзүнүн атынан парламентке киргизсе туура болот го деп ойлойм. Ага чейин дагы бир нече вариант болот го. Конституция реформасын жүргүзүү азыркы фронтчулардын, элдин, ар түркүн партиялардын, коомдук уюмдардын деле талабы болуп жатат. Конституциялык реформаны созо бергенде, же башаламан кылып, аралаштырып, анан эң акырында тигил да, бул да варианты болбой эле, жасалган эмгектин баары талаага кетет, ошондо реформа деп атаганга туура болбой калат.
- Азыр көптөрү ноябрь, же декабрь Конституциянын ортосунда бир компромисс табыш керек дешет. Ноябрь Конституциясы сизди канаттандырды беле?
- Ноябрдагы да, декабрдын отузунда кабыл алынган Конституция дагы эрежени бузуу менен, антиконституциялык жол менен кабыл алынып калды. Ошон үчүн мен экөөнө тең каршы болуп чыккан болчумун. Ал эми эгерде эки Конституциянын кабыл алынгандагы эреже бузууларын эсепке албай, Конституциянын өзүнүн маанисин ала турган болсок, 8-ноябрдагы кабыл алынган Конституция бул алдыга жасаган бир кадам. Себеби ал жерде партиялык принциптер менен өкмөттү түзүү деген негизги эреже кабыл алынып жатат. Азыркы элдин дагы, коомчулуктун дагы, ар түркүн кыймылдардын талабы партиялык тизме менен өкмөттү түзүү деген талап болуп жатат. Бул негизинен туура.
- Маегиңизге ырахмат.