Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

БИРИККЕН ФРОНТ БИЙЛИККЕ БИР КҮН МӨӨНӨТ БЕРДИ


Кыргыз оппозициясы бийликке коюп жаткан эки талаптын аткарылышына президенттен кепилдик сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн уюштурган маалымат жыйынында «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов билдирди. Талаптар аткарылбаса оппозиция 6-апрелден тарта президенттин кызматтан кетишин талап кыла баштайт. Президенттик администрация болсо президент мурдагыдай эле маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оюнда бекем турганын кабарлады.

Президенттин кызматтан кетишин талап кылуу тууралуу сунуштар Бириккен фронттун катардагы мүчөлөрүнөн чыгып жатат деп билдирди Феликс Кулов. Бул талапты күн тартибине коюу же койбоо оппозиция талаптарынын аткарылышына кепилдиктен көз каранды. Феликс Кулов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү, конституциялык реформа жүргүзүү талаптарын ишке ашыруу үчүн бир нече күндөн бир нече айга чейин убакыт талап кылынат дейт :

- Ошондуктан, жаңы Конституция кабыл алынганга чейин президент өз убадаларын аткарарына кепилдик алышыбыз керек. Анын сөзү бизге кепил болуп бере албайт. Өзүнчө Конституциялык мыйзамдын негизинде ушул аралыкта иштөө үчүн түзүлгөн коалициялык өкмөт гана кепил боло алат.

Президенттин бир да сөзүнө ишенбей тургандыгын белгилеген Куловдун айтымында, Бириккен фронт конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бир күн мурун мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров аркылуу президентке жөнөттү. Анда декабрь конституциясын жокко чыгарып, ноябрь конституциясына кайтып келүү, анын өткөөл жобосуна өзгөртүү киргизүү каралган. Ага ылайык премьер-министрди президенттин киришүүсүз парламент, өкмөт мүчөлөрүн президенттин макулдугу аркылуу премьер-министр, жергиликтүү бийлик башчыларын өкмөт мүчөлөрүнүн макулдугу аркылуу президент дайындайт. Маселенин ушундай чечилиши өткөөл учурда президенттин административдик ресурс пайдаланышына жол бербейт деп эсептейт Кулов.

Президенттик администрация бул сунушка конкреттүү көз карашын айта элек. Президент Курманбек Бакиев өзү болсо 23-мартта жергиликтүу телеберүү аркылуу элге кайрылганда бардык маселелер боюнча оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирип, «өлкөнүн бардык бийлик органдары каалаган маселени талкуулоого макул» деген.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев президент бүгүн да ушул көз карашта бекем турат деди. Анын айтымында, «Реформа» кыймылынын мурдагы мүчөсү Алмаз Атамбаевдин премьер- министрликке келиши проблемаларды сүйлөшүү аркылуу чечүүгө болорун далилдеди:

- Президент айтып атат: кандай маселе болбосун, кандай шарттар болбосун, келгиле, сүйлөшөлү, сүйлөшүү жолу менен карап көрөлү деп. Анан алар өздөрү сүйлөшүүгө келбей туруп эле жанагыдай шарттарды бир жактуу таңуулап аткандары туура эмес болуп калат да.

Феликс Кулов болсо Алмаз Атамбаевди конкреттүү талаптар менен чыгып жаткан азыркы оппозиция өкүлү деп да, коалициялык өкмөт түзүлдү деп да эсептебейт. Өзүн оппозициянын катарынан келгендигин билдирип жаткан Алмаз Атамбаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин колдогон жери жок. Мындай демилге кагылышууларга алып келет деген чочулоосу бар:

- Биз Тажикстан болбошу үчүн биз бардык аракеттерди көрөбүз. Бул өңүттө фронт жетекчилери да ойлонушу керек. Алардын мойнунда да чоң жоопкерчилик турат.

Анткен менен, Феликс Кулов бийлик менен эч кандай жабык сүйлөшүүгө барбастыгын, мурдагы талаптар күчүндө кала берерин дагы бир жолу тастыктады. Оппозиция лидери ошондой эле митинг тынчтык жол менен өтүп, ар кандай чагымчыл аракеттерге жол берилбейт, ошондуктан, Тажикстан окуясынын кайталанышына эч кандай негиз жок деп эсептейт:

- Бизде бардыгы тынчтык жол менен чечилерине эмне үчүн ишенип жатабыз? Себеби, биз тарапка дээрлик бардык жетекчилер, күч структуралары өтүп атат. Ансыз деле бардыгы келип атканда, күч аралашкан аракеттердин эмне кереги бар?

Экс-премьер-министр Бириккен фронттун демилгесин Кыргызстандын түндүгү да, түштүгү да бирдей кубаттарына ишенип турат, элдин 100% болбосо да 90% колдоорун да айтты. Атүгүл оппозициянын катарында президент болууга татыктуу түштүктүн жарандары көп экенин белгилеп өттү.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG