Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ЧЕЧЕНСТАНДА РАМЗАН КАДЫРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК АНТ БЕРДИ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн 5-апрелде Чеченстанда Рамзан Кадыров президент катары ант берди. Республиканын мурдагы премьер-министри, 30 жаштагы Кадыровдун талапкердигин өткөн айда орус президенти Владимир Путин жергиликтүү парламентке сунуштаган эле.

Чеченстандын үчүнчү президенти Рамзан Кадыровдун инаугурациясы республиканын Гудермес шаарында, Кадыровдордун уруусу күчтүү колдоого ээ болгон жерде өттү.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция толугу менен катуу даярдыкта турат. Анткени 2004-жылы азыркы жаңы президенттин атасы, ал учурда преспубликанын президенти болуп турган Ахмад Кадыров жарылуудан көз жумганын алигече унутуша элек.

Атасынын көзү өткөндөн бери Разман Кадыров бийлик тепкичинде тездик менен жогорулай баштады. Алгач премьер-министрдин биринчи орун басарлыгына дайындалган Кадыров, кийин орус прзидентинин региондогу өкүлү, анан Чеченстандын премьерлигине чейин жетет. Өткөн жылдын октябрь айында болсо 30 жашка чыгышы менен ал президентикке аттанууга укук алды, жана президенттикке да жетти.

«Азаттыктын» кабарчысы Андрей Бабицкий - Чеченстан боюнча жазып жүргөн тажрыйбалуу журналист. Анын айтымында, республиканын келечеги келээрки жылкы шайлоодо Орусиянын президенти Владимир Путиндин оордун ким мурастап калаарына жараша болот.

- Орус президенти алмашмайынча Чеченстандагы кырдаал деле кескин өзгөрүп кетпейт деңизчи. Бирок Рамзан Кадыровдон ар нерсени күткөнгө болот. Путин эч кандай жагдайда Кадыровко тийбейт, анткени ал президенттиктен кетип жатып, Чеченстанды жараштыра алган адам катары атын сактап калганга аракет кылат, - дейт Бабицкий.

Мурдагы жикчи Кадыровдун азыркы командасы – өзүнүн мурдагы жикчилери. Бул куралчан адамдардын тобуна азырга чейин козголоңчулугун кое электерди тоолордон болобу, же капчыгайларданбы, айтор, каерден болбосун таап өлтүргөнгө, ошентип республикада тынчылык орнотууга укук берилген.

Чеченстандын өзүндө жана республиканын сыртында көптөр Кадыровду республиканы кайра курууда чоң иштерди жасап атканы үчүн мактап жүрүшөт. Анткени азыр ар кайсыл жерде курулуш иштери күчөп, жаңы жумуш орундары пайда болду, анан жайчылык турмуш жөнүндө да эл көп эле сүйлөп калды.

Бирок Бабицкийдин айтымында мунун баары Чеченстан үчүн өтө кымбат баага турат. «Рамзан адам укуктары деген нерсени билбейт, канчалаган адамдардын өлүмү, белгисиз жоголуп кетиши менен анын байланышы бар. Рамзандын куралчан отряддары азыр билгенин жасап атышат», - дейт Бабицкий.

Адам укугун коргоочу активисттер Рамзан Кадыровду адамдарды өлтүрүүгө, уурдоого жана адам укуктарын орой бузууга түздөн-түз тиешеси бар деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG