Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

АРМЕНИЯНЫН ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИН АЛДЫНДА КАНДАЙ СЫНООЛОР БАР?


4-апрелде Армениянын премьер- министри дайындалган Серж Саркисянды келерки бир жылда чоң сыноолор күтөт. Биринчиден, ал башындагы Армения Республикалык партиясы 12-майда болчу парламенттик шайлоодо мурдакы ийгилигин кайталай алабы? Экинчиден, келерки жылкы президенттик шайлоого чейин өлкөнүн эң бай ишкери Гагик Сарукян жетектеген “Байдөөлөт Армения” партиясынын колдоосуна жетишеби?

25-мартта о дүйнө көчкөн премьер- министр Андраник Маркарян башкаруучу саясый элитаны таразалап турган тажрыйбалуу инсан эле. Андыктан, өкмөтчүл, бирок атаандаш эки партиянын: өзү башындагы Армения Республикалык партиясы- АРП менен «Байдөөлөт Армения” партиясынын кызыкчылыктарын таразалап, саясый балансты сактап турчу.

«Байдөөлөт Арменияны ” өлкөдөгү эң бай ишкер эсептелген Гагик Сарукян түзгөн. Маалыматтарга караганда, Сарукяндын партиясында азыр 370 миңден ашуун мүчөсү бар. Бул өлкө калкынын 10 процентке жакыны. Мындай чоң колдоого карабай, Сарукяндын бийлиги өз партиясынын алкагынан чыкпайт. Ошон үчүн 12-майда болчу парламенттик шайлоо Саркисян катарындагы башкаруучу АРП жана миллионер Сарукяндын “Байдөөлөт Армениясы” үчүн президенттик шайлоо алдындагы үлкөн күч сынашуу болот. Бул эки партияга азыр парламентте көпчүлүк орундар таандык.

Албетте, премьер- министрлик орун Саркисянга административдик артыкчылык бергени менен, аны саясый каршылаштары алдында калдайган бутага айлантып койду. Коргоо министринин кызматын өткөрүп берүүсү да Саркисянды таасирдүү механизмден алыстатты. Деген менен, “Азаттыктын” Еревандагы кабарчысы Армен Долуяндын айтышынча, президенттикке талапкер үчүн мамлекет башчы Роберт Кочаряндын колдоосу абдан маанилүү:

-Роберт Кочарян келерки президент өз адамы болуусун каалады. Кочарян да, Саркисян да Тоолуу Карабахтан. Экөө жердеш. Ошон үчүн Кочарян анын ордуна Серж Саркисян президент болушун каалайт.

Бирок, еревандык талдоочу Ричард Гирагосян баамдагандай, Серж Саркисян үчүн азыр эң маанилүүсү: “Байдөөлөт Армения” партиясы менен АРПнын “эски гвардиясы” ортосундагы атаандаштыкты курчутпоо.

Башка бир серепчилер АРПнын ичиндеги Саркисяндын тарапкерлери менен көзү өткөн премьер Маркарянга жакын адамдар ортосундагы бийлик үчүн күрөш күч алышы мүмкүн экенин жоромолдошот.

XS
SM
MD
LG