Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ БОЛУП ЖАТКАН ЖЕРГЕ КЕЛИП КЕТТИ


Премьер-министр Алмаз Атамбаев парламент имаратынын алдында 5-апрелден бери ачкачылык акциясы болуп жаткан жерге кыска убакытка келип кетти. Ал боз үйлөргө баш бакты. А.Атамбаев «Реформа» кыймылынын мүчөсү Мелис Эшимкановдун акыбалын дос катары сураганы келгенин билдирди. Бирок депутат Мелис Эшимканов ачкачылык акциясында отургандардын арасында жок болуп чыкты. Алмаз Атамбаев жабалактаган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ Конституциянын бирдиктүү долбоорун иштеп жатканын белгиледи. Ал оппозициялык саясий күчтөрдү ультиматумду таштап, конституциялык реформа боюнча бийлик менен кызматташууга чакырды. «Мен ультиматумду жакшы көрбөйм. Эртен менентен бери биз жумушчу топ чогулуп, аракеттеги конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун иштеп баштадык. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор негизинен ноябрдагы конституциянын негизинде жүргүзүлөт. От менен ойнобош керек, сүйлөшүүгө барып жатпайбызбы»,-деди премьер-министр.

XS
SM
MD
LG