Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

КОНГРЕССМЕН БИЛЛИ ФРЕНЗЛЬ: “КАЧКЫН ДЕПУТАТТАРДЫ КӨНДҮРЧҮ «ШАПАЛАКТАРДЫН” МААНИСИ ӨСТҮ


Украинанын Жогорку Радасындагы оппозициячыл блоктогу он чакты парламентарийдин башкаруучу каолицияга өтө качуусуна нааразы болгон президент Ющенко Жогорку Раданы таркатуу жөнүндө жарлык чыгарган эле. Депутаттар Ющенконун кадамын Конституцияны бузуу деп баалашууда, а премьер- министр Янукович кезексиз шайлоону каржылоодон баш тартууда. Демократиялуу Батыш өлкөлөрүндө парламентарийлер өз партиясына байланып калышкан эмес. АКШнын Конгрессинин эки палатасында тең парламентарийлердин берегидей эн баштыгын чектөөчү “шапалак” деп аталган адамдардын тобу да бар дейт Билл Френзль “Азаттыктын” кабарчысы Андрю Туллиге берген интервьюда. Френзль 20 жыл бою АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болуп жүрүп, эс алууга чыккан.

“Азаттык”: “Шапалактардын” милдети конгрессмендерди өз партиясы сунуш кылган мыйзам долбоорун колдоого көндүрүү. Алар бул вазийпасын кантип аткарышат?

Б. Френзль: Бул жигиттер добуш берүү алдында өз жетекчилигине мыйзам долбоорун партиянын канча мүчөсү колдоп, канчасы эмне себептен колдобогону жөнүндө кабарлашат. Себеби, бул маалыматка карай долбоордун текстине парламентарийлер колдогондой кылып, анча- мынча өзгөртүүлөр киргизилет. “Шапалактар” көпчүлүк биз тарапта же макул болуп калды деп кабарлаган соң, жетекчиликте керектүү долбоорду колго салса болот деген ишеним жаралат.

“Азаттык”: Саясатчыларды өз тарабына тартууда көбүн эсе коркутууу жана убада берүү колдонулат сыяктуу. Партиянын шапалактары Конгрессте кандай ыкманы колдонушат?

Б. Френзль: Чынында эле опузалап- коркутуу АКШ Конгрессинде канчалык натыйжалуу деген суроо турат. Анткени партия үчүн эң маанилүү опуза комитетке шайлоо. Башкача айтканда, комитеттин төрагасы, же орун басар төрага, же келечекте каалаган комитетиңе шайланбай калышың мүмкүн. Бирок, өз лидерине баш ийбей коюп, комитеттеги тийиштүү орунга шайланбай калган адамдар көп эмес деп ойлойм. Менде андай далилдер жок. Ошентса да, коркутуу жөнүндө кеп болгондо: балким комитетети алмаштыруу, балким Акүй парламентарийди оң баалоосу үчүн жакшы сөз айтышы, же аялын мамлекеттик сый тамакка чакыруу мыяктуу болочокку напылар тууралуу айтышаар. Бирок, партиялык жетекчисине караганда өз шайлоо округунда жаман сөзгө калуу коркунучтуу. Кошмо Штаттарда коркутуулар жок, реалдуу эмес, көп кездешпейт деп айта алам.

“Азаттык”: АКШ Конгрессинде шапалактардын иши дайыма ушундай жүргөнбү жана ошончолук эле маанилүүбү?

Б. Френзль: Кошмо Штаттарда мурда мыйзам долбоору колго салынганда бир топтон экинчисине өтө качкан качкындар- парламенттик система үчүн ылайыксыз көп эле. Бирок, Конгресстин эки палатасы үчүн шапалактар азыр абдан маанилүү. Себеби күнүнө партиянын багытына тийиштүү добуш берүүлөр көп болот. Ошон үчүн 15 жыл мурда байкалбай жүргөн шапалактар- бүгүн Конгресстеги өтө маанилүү кызмат.

XS
SM
MD
LG