Бириккен фронттун өкүлдөрү Талас шаарынын борбордук аянтынын түштүк жагына кечээ күнү эки боз үй тигишти. Боз үйдүн ичинде азыркы тапта облустагы Бакайата, Талас районунан келген 4 аял киши ачкачылык кармашууда. Өз учурунда президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди колдоп, кол таштаган Света Тилешова азыркы тапта президентке каршы ачкачылык жарыялап жатканын төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Бакиев эч кандай ишенимди аткарган жок, ал өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөйт. Эки жылда элди жакшы улантып алып кете албасам мен өзүм кете берем деген сөзү бар болчу. Эки жылдан бери элге эч кандай жакшылыктар болгон жок. Мисалы, Талас элдин түшүмүн жогорку баада өткөрүп берем деген, ал аткарылган жок. Ар бир жумушчулардын айлыгын көбөйтөм деген бул да аткарылган жок. Биз ошон үчүн эл үчүн, өлкөбүз үчүн ачкачылыкка чыгып атабыз.
Ачкачылык жарыялап отурган айымдар кечээ күнү облустун губернатору Байымбет Мураталиев кечки саат он бирлер чамасында келип абалдарын сурап кеткенин айтышты. Бул айымдардын ден-соолуктарын Талас шаардык үй-бүлөлүк дарылоо борборунун дарыгери Раушан Кенжегулова көзөмөлдөп турат:
- Бул жерде ачкачылык жарыялагандардын акыбалы аябай жакшы. Бирок бир айымдын кан басымы бир аз көтөрүлүп турат. Жаз мезгилинде ачкачылык болбойт, себеби авитаминоз болуп турат. Булардын акыбалы өтө начарлап кетиши мүмкүн. Узака чейин чыдай алабы, чыдай албайбы ага мен жооп бере албайм.
“Кыргызстандын кең келечеги үчүн” Бириккен фронттун Таластагы координатору Төрөкан Жунусбеков аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да колдоп жатканын айтат:
- Мектеп мугалимдери, кээ бир мектеп директорлору, айыл өкмөттүн башчылары, кеңештин депутаттары келип кошулуп, кол коюп кетип атышат. Өкмөт тараптан көпчүлүгү колдошуп, жардам берип атышат.
Төрөкан Жунусбеков азыркы учурда облус боюнча фронтту колдогон адамдардын саны 7 жарым миңге жетти деп айтууда.