Страсбургдагы адам укугу боюнча сотту Орусияга доо менен кайрылган Чеченстандык тургун Шахида Байсаеванын пайдасына 86 миң доллар төлөө үчүн милдеттендирген.
Былтыркы жылы Орусияга каршы коюлган доо боюнча Европалык соттун өкүмү менен орусиялык бийлик тургундарына бир миллион евродон көп каражат төлөөгө аргасыз болгон.
Жети жыл бою Байсаеванын барбаган соту калган эмес. Орусиялык жергиликтүү соттон тартып жогорку сотко дейре 12 жолу арыз жиберип бир да жолу оң чечим ала алган эмес. Ошондуктан анализчилер Байсаевдин жесиринин жеңиши кыйла ың-жыңы жок жоголуп кетип аткан тургундардын иликтелишине жол ачат дешет.
«Ингушетия-Орусия укук демилгеси» корунун жетекчиси Арсен Сакалов акчалай ооз басырык жакшы, бирок бул өкүмдөн кийин бийлик уурдалган же жоголгон кишилерди табуу ишин баштоого тийиш дейт:
«Бул өкүм күчүнө киргенден тартып бийлик ал жолу жасалган кылмышка ким күнөөлү экенин табат дейбиз», - дейт.
Европалык сотко кайрылуу Орусиядан болуп көрбөгөндөй абалга жеткен. Старсбургдагы соттун төрагасы Жан-Поль Коста айтканга караганда 90 миңге чукул түшкөн арыз-доонун бештен бири – Орусиялык бийликке каршы доо.
Бул иште эң алдыңкы орунда Ростов обулусу экенин «Новая газета» жазат. Кийинки жылдары ал обулустан арызданган 24 атуул Страсбургдагы соттун чечими менен доолорун өндүрүп алышкан.