Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

БАГДАДДЫК ЖУРНАЛИСТТИ КИМ ӨЛТҮРДҮ


Журналисттер ак сөздүн артынан өмүрүн сайып жүрүшөт. “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы Камаиил Мухсин Калаф айымдын денеси 5- апрелде Багдаддагы үйүнүн жанында табылды. Кыянатчылар 50 жаштагы журналистти башына атып өлтүрүшкөн экен. Ошол эле күнү Багдадда телестанциялардын биринин жанында болгон жардыруу дагы бир журналисттин өмүрүн алды.

Нью- Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин маалымдашынча, 2003- жылы АКШ башындагы күчтөр Иракка басып киргенден бери ирактык 76 журналист өлтүрүлдү. 2004- жылдан бери өлкөдө 12 журналист уурдалды. Ал эми Ирак журналисттеринин кошууну ырастаганга караганда, согуш башталгандан бери 214 журналист бейажал өлгөн. Алардын бири“Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы Камаиил Мухсин Калаф айым. Маркумдун 4- апрелде обого четкен “Муундар” деген берүүсү согуштун кесепетинен таш чырак жагып отурган карапайым ирактыктардын турмушунуна арналган эле:

- Айымдар жана мырзалар, таш чырак ар бир үйлөнүн жана эчендеген муундун жакын досу. Ирактыктар “Лала” деп атаган таш чырак адегенде 1940- жылдары пайда болуп, 50- 60- жылдары колдонулбай калган… Ирактын жаңы мууну Перс булуңунда жүрүп жаткан экинчи согуш маалында “Лала” алардын күнүмдүк тиричилигининин коштоочусу экенин айтышыт. ”Лала” азыр Ирактын ар кайсы бөлүгүндөгү үйлөрдө сыйлуу орунда турат.

“Эркин Ирак” радиосунун Багдаддагы кеңсесинин башысы Набил ал- Хайдарынын айтышынча, Камаиилини чындыкты элдин билүүсүн каалабаган эрегишчилер өлтүрдү:

- Камаиил дайыма жөнөкөй элдин турмушуна, ирактык үй-бүлөлөргө, балдарга, аялдарга арналган берүүлөрдү жасачу. Ал социалдык темаларды жакшы көрчү. Камаиилди өлтүрүү жашоону жана чындыкты жек көргөн козголоңчулардын иши.

Камаиил “Эркин Ирак” радиосуна бир нече ай мурда кошулган. Ал университетти бүткөндөн кийин 27 жылга жакын Ирак мамлекеттик телевидениесинде диктор болуп иштегендиктен, аны жаамы журт таанычу. Маркум элди суннит- шиит деп бөлүп жарган экстремисттик топтор өтө активдүү аймакта жашагандыктан, ал бир нече жолу “көчүп кетпесең, башыңдан айрыласын” деген эскертүү алган. Ошондон улам кыздарынын экөөсүн жана уулдарын айла жоктон Сирияга аргасыз жөнөткөн.

Камаилл Мухсин Калафтын өлүмү, ал- Хайдаринин айтышынча, журналисттер үчүн эки нерсени билдирет:

- Биринчи мааниси, жашоо сыноосу, анын кыйынчылыктары алдында бекем туруп, өз жумушубузду аткаруубуз зарыл. Экинчи мааниси, биз- Ирак эли урматтаган “Эркин Ирак” радиосунда иштеп, чындыкты чагылдырып туруубуз зарыл.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG