СССРдин акыркы жылдарында жана өзгөчө ал чачырагандан кийин ортодокс христиан жетекчилери расми бийликке бир топ жакын болууга аракеттенүүдө жана Борис Ельцин экинчи мөөнөткө президент болуп шайланганда патриарх Алексий Экинчи салтанаттуу жыйында - кандай болбосун бийлик кудайдан деп сүйлөгөн.
Орусияда азыр төрт негизги дин - ортодокс христиандык, ислам, иудаизм жана буддизм негизги болуп эсептелинет, башка диндердин өкүлдөрү расми эмес болсо дагы куугунтукка алынат. Ал эми айрым байкоочулардын пикиринде, президенттикке Владимир Путин келгенден кийин бийлик менен христиан динаятчылары ортосундагы жакындашуу күчөдү.
Карнеги фондунун Маскөө бөлүмүнүн эксперти Алексей Малашенконун айтымында, андай жакындашуу чындап эле бар: "Орус ортодокс чиркөөсү качандыр келечекте өлкөнүн расми динине айланат деп айтуу кыйын, ага баары эле макул болбойт, ал мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, моюнга алыш керек, Орус ортодокс чиркөөсү өлкөдө өзгөчө мааниге ээ жана анын мамлекет менен болгон байланыштары дагы өзгөчө абалда, ал динаятчылардын максаттары - саясий максаттар. Алар Орусиянын өнүгүүсүнө, өзгөчө жол менен өнүгүүсүнө катышууну каалайт", - дейт Малашенко.
Башка эксперттердин пикиринде, ар башка диндердин арасынан Орусияда Ортодокс чиркөөсүнө артыкчылык берилип жатканын түшүнсө болот, анткени өлкө калкынын басымдуу көпчүлүгү христиандар жана президент Путиндин дагы ага өзгөчө көңүл бурганы түшүнүктүү.
Дин маселелери боюнча эксперт Яков Кротовдун айтымында болсо, Путин динге өзгөчө деле мамиле кылган жок, ал өзүнүн кызыкчылыгында аракеттенип жатат: "Путин чындап эле өзүн кудайга ишенген адам жана ортодокс христиан экенин ачык көрсөтөт. Бирок саясатка келгенде, ал саясатчы катары аракеттенүүдө. Ортодокс христиандыгын ал дин катары колдогон жок, ал - 60 жыл бою Кремил номенклатурасы тарабынан түзүлүп-тарбияланып келген христиандарды колдоого алууда. Христиан динине ишенгендерге ал кандайдыр бир өзгөчө мамиле кылат деп да айткан болбойт, ал жөн гана номенклатуралык динди колдоп жатат. Чындап келгенде, ал мусулмандардын дагы айрым бөлүгүн колдоп, башкаларын куугунтукка алууда. Жөөттөрдүн дагы айрымдары колдоого алынат, айрымдарын болсо ал куугунтуктайт. Бул баягы эле советтик селекция саясатынын амалдары. Гитлер дагы ошондой эле саясат жүргүзгөн", - дейт Кротов.
Жакында болсо Орусиянын айрым региондорунун жетекчилиги мектептерде ортодокс христиан маданияты боюнча сабакты милдеттүү түрдө киргизүүнү чечти. Өлкөнүн Муфтийлер кеңеши андай чечимди сынга алды жана ошондой эле укук анда мусулмандарга да берилиш керек деп чыкты, бирок Орусиянын жогорку жетекчилиги азырынча өз пикирин билдире элек.