Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: БАКИЕВ МЕНЕН КУЛОВДУН АЙЫНАН ЭЛ ЭКИГЕ БӨЛҮНБӨШҮ КЕРЕК


2007-жылдын 26-мартында кабыл алынган Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча Ысыккөлдө өткөн семинар учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров менен дубандагы кабарчыбыз Рита Нурмамбет маектешип, “Реформа үчүн” кыймылынын ажырымы, митинг жана башка суроолорду узаткан.

- Азимбек мырза, саясатчылар көлдүктөрдүн саясий активдүүлүгүн төмөн деп баалап атасыздар?

- Митингге чыгыш, чыкпаш көлдүн эли болобу, түштүктүн эли болобу, Бишкектин эли болобу ар кимдин укугу. Мен учурдан пайдаланып айтат элем, эмне кылсаңар дагы, жүрөгүңөр менен кеңешип, акыл эсиңер менен барсаңар. Бирөөнүн акчасына, же азгырыгына алданбасаңар. Митинг жакшы жерден чыкпай атат да, 24-марттан кийин адилетүүлүк заман болот эле, жеп-ичкендер азаят эле, атүгүл көлдүктөргө тиешелүү жерлерди саткандар азаят эле деген максатты эл тилек менен күттү эле. Тилегин таш капкандыгынан, аргасы кеткендигинен ушул митингге чыгышка туура келип атат.

- Реформа үчүн кыймылы эмне үчүн экиге бөлүндү, сиздер эмне үчүн бириккен фронтту колдобой атасыздар?

- Атамбаев, Садырбаев, Отунбаева болуп “Кыргызстандын биримдиги” деген кыймылды түздүк. Бириккен фронтко биз кирген жокпуз. Анткени бириккен фронттун талабы, кандай жол менен болсо дагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, президентти отставкага кетириш керек деп атат. Биз айтып атабыз, эгер андай жол менен кетсек, экинчи 24-март болот. Анткени бүгүнкү бийлик шайлоо өткөргөнгө кудурети жетпейт. Экинчиден, биздин али мыйзамдарыбыз кабыл алына элек. Кандай түрдө шайлоо өтөт, шайлоо кодекси оңоло элек, эски эле бойдон турат. Ошондуктан биз мөөнөтүнөн мурда президентти отставкага кетирип шайлоо өткөрүүгө макул болбой жатабыз.

- Сизди башкы прокурорлукка коюлат экен деген да пикирлер бар?

- Бизге тынчтык керек, азыркы шайлоо элди түндүк-түштүккө бөлөт деп ачык сүйлөп коюп атканым үчүн эле мени бул кызматка кетип атса керек деген ой-пикирлер пайда болуп атат, жок. Кызматка бара турган болсом, мага баш прокурорлуктан түшкөндө эле башка кызматтарды беришкен, мен ошондо эле кетет элем. Бирок мен бул бийлик менен депутат болуп, элдин үнү болуп көбүрөөк күрөшүп, ошол тарабынан реформа кылганга аракет кылам. Эл мени кайрадан алып барып депутат кылбадыбы, элдин ишеничин алдап кызматка кетип калбай, акыркы срогума чейин депутат болуп иштейм деп бекем чечкем.

- Митингде граждандык кагылышуу болбойт деп ойлойсузбу?

- Ишене албайм. Кулов менен Бакиев деп, эки тандем деп кыргыз эли экиге бөлүнбөш керек. Андан башка элим, жерим деген патриоттор, тынчтыкка чакырган чакырыктар көп эле болуп атат. Ошон үчүн мен айтып атам, бул тандем элди кыйнабай, кетиш керек. Экөө тең минтип эрегишип отурса, сиз айткандай, эрегиштен эр өлөт болуп бир жаңжалга алып келгени турат.

- Бакиев кызматтан кетиш керекпи анда?

- Экөө отуруп сүйлөшүш керек. Экөө тандем болду, бирөө кызматтан түшүп калса чычалап, мени эмне түшүрүп койдуң, сен да кетишиң керек деп атпайбы.

- Кулов сүйлөшүүгө келбей атат го?

- Сүйлөшүүгө келбесе өзүнөн көрсүн. Эл катары жөн жүрсүн. Жок, сүйлөшөм десе барып экөө сүйлөшсүн. Бирок ушинтип эрегишип отурса экөө тең кетет, мен гарантия берем.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG