Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАНДАРГА ҮЧ КҮН БОЛДУ


Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта ачкачылык жарыялагандарга үч күн болду. Дарыгерлердин айтымында, ачкачылыкка чыккан 76 адамдын ден соолугу жакшы. Бүгүн «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронттун лидери Феликс Кулов алар менен жолугушуп, ал акыбалы менен таанышып чыкты. Биринчи май районунун акими Тилек Акамбаев бириккен фронт аянтка боз үй, палатка тигүүгө уруксат албагандыгына байланыштуу прокуратурага кайрылганын билдирди.



Аянтта ачкачылык жарыялагандарды Бишкек шаардык тез жардам кызматынын дарыгерлери кезектешип күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Дарыгер Асел Жолдошалиеванын айтымында. ачкачылык жарыялаган 76адамдын денсоолугу жакшы.

- Ачкачылык жарыялагандардын денсоолугу жакшы. Биз алардын саламаттыгына көзөмөл кылып турабыз. Айрымдары такай чай ичип жүргөндүктөн, ачкачылык учурунда шакыйлары кармагындарын айтышты. Негизинен баардыгынын сааламттыгы дурус эле.



Дарыгердин маалыматынан кийин ар бир боз үйгө кирип, ачкачылык жарыялагандардын абалын сурап, өз көзүм менен көрүп, таанышып чыктым. Алардын арасында Бишкектин тургуну, эки баланын атасы Мехти деген Азербайжан жигит бар экен, ага микрафон сунганымда:

- Мен өз каалоом менен ачкачылык жарыяладым. Менин эки балам бар. Мына ошол балдарымдын келечеги жакшы болсун үчүн азыркы системаны өзгөртүү керек. Коом коррупциялашып, мыйзамдуулук сакталбай калды. Атакаруу бийлигине, укук коргоо органдарына, сотторго ишеним жоголду. Карапайым калктын көйгөйүн уккан жетекчилер жок. Адилетсиздик өкүм сүрүүдө.



Ал эми Атбашы районунан келген Бейшенбай Абдыкадыров райондогу жетекчилердин, соттордун мыйзамсыз аракеттерине чыдабай, ачкачылык жарыялаганын айтты. Ал өзүнө тиешелүү жети гектар үлүш жерин он үч жылдан кийин райондогу мамлекеттик каттоо кызматы алып койгонуна нааразы. Бейшенбай Абдыкадыровдун салмагы 120 килограмм экен. Ачкачылык жүрөгүнө, кан басымына таасир бербегенин айтып, Конституциялык реформа болмоюнча ачкачылык акциясын уланта берерин билдирди.

- Жаның кыйналса салмакка дагы карабайбыз. Конституцияны реформа кылмайынча, өлкөдө жыргалчылык болмоюнча менин турганым турган.



Ал эми ачкачылыкка чыккан парламент депутаты Мелис Эшимканов жума күнү премьер-министр Алмаз Атамбаев келгенде ордунда эмне үчүн жок болгонун, мындайча чечмеледи.

- Курманбек Бакиевге берилүүчү документтерди биз штабда талкуулап, добуш берип жаттык. Алмаз Атамбаев күн мурунтан айтып койгондо анда мен сөзсүз жолукмакмын. Тилекке каршы мен жок кезде келиптир. Анын үстүнө митингди уюштуруу маселеси да талкууланды.



Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов Ачкачылык жарыялагандардын абалы менен таанышып жүргөндө, ачкачылыкка тиешеси жок атуулдар жардам сурап кайрылышты. Сокулук районунан келген 80 жаштагы Күлүмбүбү Арунова жалгыз уулун өлтүргөндөрдү укук коргоо органдары жазага тартпай жаткандыгын айттып, Куловдун көмөктөшүүсүн өтүндү. Андан сырткары материалдык жардам сурагандар да болду. Кулов жардамчысы Өмүрбек Жукешовго бул маселерди чечүүгө жардам берүүнү тапшырды.

Бишкек шаардык биринчи май районунун акими Тилек Акамбаев болсо бириккен фронт уруксаты жок боз үй, палатка тиккендиги үчүн прокуратурага кайрылганын билдирди.

- Бириккен фронт кайрылуусунда митинг, ачкачылык акциясы көрсөтүлгөн. Ал эми бозүй, палатка тигүү боюнча Бишкек шаардык башкы архитектурасынан уруксат алышы керек эле. Касы күндөн кайсы күнгө чейин, кайсыл орундарга тигилиши керек деген уруксат алышы керек болчу. Ошол аткарылбай жатат. Анан биз буйругубузду бириккен фронттун өкүлдөрүнө бердик. Бир көчүрмөсү прокуратурага тапшырдык, биздин талаптар аткарылбай жатат, деп, - деди аким Тилек Акамбаев.



Ачкачылык жарыялагандардын айтымында, мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү талаптары аткарылмайынча акцияны уланта беришмекчи. Ачкачылык жарыялагандардын саны жалпысынан жүздөн ашты, алар акцияны Ысыккөл, Кемин, Токмок, Панфилов, Таласта да улантышууда. Байтик айылында ачкачылык жарыялаган алты адамдын кан басымы түшүп, абалы начарлап баратканын, бирок алар акцияны уланта беребиз, деп жатканын Бириккен фронттун Байтиктеги штабынын жетекчиси Саадат Самторова билдирди.

XS
SM
MD
LG