Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ ТАЛАСКА ДА ЖЕТТИ


Эки күндөн бери “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронтунун өкүлдөрү Талас шаарынын борбордук аянтынын түштүк жагына эки боз үй тигип, облустагы Бакай-Ата, Талас райондорунан келген төрт аял ачкачылык кармашууда.

Өз учурунда президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди колдоп, кол таштаган Света Тилешова азыркы тапта президентке каршы ачкачылык жарыялап жатканын “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Азыр Бакиев эч кандай ишенибизди аткарган жок. Бакиев өзүнүн гана кызыкчылыктары, тандемде бул ишти эки жылга чейин мен элди жакшы алып кете албасам, мен өзүм кете берем деген сөзү бар болчу. Мисалы, Талас элинин фасолун жогорку баада өткөрүп берем деген убадасына турган жок. Ар бир жумушчулардын айлыгын көбөйтөм деген, бул дагы аткарылган жок. Биз ошон үчүн эл үчүн, өлкөбүз үчүн чыгып жатабыз ачкачылыкка.

Талас шаардык үйбүлөлүк дарылоо борборунун дарыгери Раушан Кенжегулова ачкачылык жарыялап отургандардын ден соолуктарын бүгүнкү күндө жакшы деп “Азаттыкка” маалымат берди. “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронтунун Таластагы координатору Төрөкан Жунусбеков, аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да колдоп жатканы тууралуу мындай деди:

- Мектеп мугалимдери, директорлору, айыл өкмөттүн башчылары, кеңештин депутаттары келип кошулушуп, өздөрү кол коюшуп кетүүдө. Өкмөт тараптан анчалык каршылык көрсөтүшкөн жок. Көпчүлүгү колдошуп, жардам көрсөтүшүүдө. Өкмөттүн өзү дагы колдоо көрсөтүп жатат.

Ал эми облустун губернатору Байымбет Мураталиев бийлик өкүлдөрү мындай көрүнүштү колдобой турганын айтты. «Кыргызстанда экономикалык жылыштар бар. Бирок ошону маалымат каражаттары элге толугу менен жеткире албай жатат» дейт губернатор.

- Жергиликтүү бийлик андайды колдобойт. Биз президентти шайладыкпы, ошол мөөнөттү бериш керек. Азыр ушул бийлик эки жылдан бери канча бут тосууларга карабай эле, жакшы экономикалык жылыштар болуп жатат. Азыр салыштырып көргүлө: Бюджет болжол менен 35 миллиард. Жетишпей жаткан жагыбыз: маалыматты жеткире албай жатабыз. Радио, телевидение, гезит аркылуу. Мына азыркы жасалып жаткан жакшы саясатты калың элге жеткире албай жатабыз, ушул жактан моюнга алса болот.

XS
SM
MD
LG