Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР МЕКЕНИНДЕГИ ОКУЯЛАРГА КАБАТЫР


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана кыргызстандык мигранттар чогулуп, элчи менен бирге Кыргызстандагы кырдаалды талкууга алышты. Жыйынтыгында, алар Кыргызстандагы бийлик менен оппозиция бүт маселени сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүүгө чакырган кайрылуу кабыл алышты.

Москвадагы кыргызстандыктардын бул өңдүү жыйындары соңку мезгилдерде салтка айланып бараткандай. Кыргызстандагы «мандалак ыңкылабынан» бери бул жактагы кыргызстандыктар кеминде үч ирет жолугушуп, өлкөдөгү абалга тынчсыздануусун билдиришкен.

Бул жолку жыйынды Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов соңку окуялар тууралуу кабар менен баштады. Чогулган эл ага суроолорду берип, өздөрүнүн жеке ойлорун айтып жатты.

Элчинин айтымында, орусиялык айрым инвесторлор Кыргызстандагы туруксуз кырдаалдын айынан ал жакка инвестиция жасоодон оолактап жатышкандай.

- Көп маселелер чечилбей токтоп калды. Керек болсо, элчиликтин маселелери да токтоп жатат. Кыргызстанда ушундай чыр-чатак болуп жатса, ким эле ал жакка каражат алып барам деп ниет кылмак эле? Ал ошол ниет бойдон эле кала берет, каражат барбайт, келишимдер иштебей калат. Азыр коркунучта турган келишимдердин ичинде «Каракече» да бар, алюминий завод бар. Алар боюнча аракеттер токтоп калышы мүмкүн. Биз, албетте, мындай болбошу үчүн аракет кылабыз. Өлкөдө туруктуулук болуп, чыр-чатак токтосо, ошол эле замат инвесторлор барышат, биз бул үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз.

Андан сырткары, бүгүн Апас Жумагулов Кыргызстанга жөнөп жатканы да маалым болду.

- «Москвада жана Москва облусунда жашаган кыргызстандык замандаштарыбыздын негизги пикири – биримдик болсун, чатак болбосун, 11-апрелдеги чогулушу өтпөсүн, ошол күнгө чейин бүт маселелер чечилсин» деген ойду мен сөзсүз республиканын жетекчилерине, биринчи Курманбек Салиевичке, экинчи оппозициянын жетекчилерине, атын да айтып кетейин, Феликс Куловко да айта барам. Андан сырткары: «Токтоткула! Эмне керек болсо, биз чечип берели, бирок силер араздашканды токтоткула, элибиз аман-эсен болсун», - деген сөздү сөзсүз айтам, - деди Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов.

Жолугушууга келгендердин ичинде Алатоо уюмунун төрайымы Жамиля Бегишева өзү сунуш кылган ойлордун бири – элди бөлүп жарбоо экенин айтты.

- Биз жолугушуунун жыйынтыгында кайрылуу кабыл алып, кол койдук. Азыр элчи мырза Кыргызстанга жөнөп жаткан экен, ал аркылуу жиберебиз. Биздин кайрылууну бийлик да, оппозиция да угуп, өзүнчө жыйынтык чыгарышат го деп ойлойм. Негизги сунушубуз – эки тарап тең бүт маселени митинг жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечишсе, элди бири-бирине кайчылаштырбай, «түндүк-түштүк» деген сөздү такыр эле жок кылышса. «Биз – кыргызбыз!» деп чыгышыбыз керек.

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов ушул сааттарда Кыргызстанга жөнөп жатат.

XS
SM
MD
LG