Жекшемби күнү 65 жаштагы Маткеримова Насипа деген айымдын кан басымы жогорулап, тез жардам менен Бишкектеги биринчи ооруканага жеткирилди. Ачкачылык жарыялагандардын катары алгачкы күндөрго караганда көбөйүп жатканы маалымдалды:
- Мен Курманалиева Айнагүл Бакиевге каршы ачкачылыкта 5-апрелден бери турабыз. Талаптарыбыз. Кулов айткан шарттарга көнсүн. Шайлоого барсын. Конституцияны өзгөртсүн.
- Мен Сапаргалы. Биз 24-мартта революция кылып. Татыктуу президентти койдук деп эсептегенбиз. Ойлогон оюбузду таш капты.
Ушундай деген нааразылык акциянын катышуучулары 24-марттын шарданы менен келген президент Курманбек Бакиев эл үмүтүн актаган жок дешип, анын бийликтен кетүүсүн талап кылып, президентке жолдогон кайрылуу каттын жообун күтүп жатышканын айтышты. Ал тууралуу ачкачылыкта отурган депутат Мелис Эшимканов мындай деди:
- Эми, биз талаптарыбызды мамкатчы аркылуу Бакиевге бергенибизге үч күндүн жүзү болду. Аткарылышы менимче болбойт. Анткени, жекшемби күнү Атамбаев келип кетти мага. “Бакиевдин өзүнүн саясаты болот дейт”. Демек, эч кандай сүйлөшүүгө жол жок. Бакиевдин кетпегенден башка аргасы жок.
Нааразылык акциясын өткөрүп жаткандардын айтымында ачкачылык кармап отургандардын катары 80 адамды түзөт. Аянтта жүргөндөргө микрофон сунганыбызда ар кандай жагдайда нааразы болгон атуулдар, ачкачылык акциясын уюштурушкандардын катарына келип, кошулуп жатканын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти.
- Топчубек кызы Элиза. Революция болуп, Курманбек Бакиев тандем менен шайланды да чындыгында. Ынтымак менен иштейт деп аябай сүйүнүчтө болгонбуз.
- Эсенбек Абдрасул: Менин бул жерге келгенимдин себеби улуттук ар-намысымдын кедергесин кетирип жаткандарга каршы, жеримди сатып жаткандарга каршымын.
Мына ушундай деген атуулдар бийликке болгон нааразылыкты колдой тургандыктарын ырасташты. Ал эми ачкачылык жарыялагандар кыдырата тигилген боз үйлөргө жайгашкан. Аларды тартип коргоо органдары көзөмөлгө алып, ден- соолук алабалы боюнча атайын медициналык кароо шарттары көрүлгөн. Дарыгер бул тууралуу мындай дейт:
- Мен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачымын. Атым Бактыгүл. Ачкачылыкта отургандардын жалпы катары 76 адамды түзөт. Жекшемби күнү 65 жаштагы Маткеримова Насипа деген айым ден соолугу кескин түрдө начарлап, тез жардам чакырттык.