Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

ИРАК: КООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛҮП, ШИЙИТТЕР ДЕМОНСТРАЦИЯГА ЧЫКТЫ


Иракта Саддам Хусеиндин режими кулап, өлкө борбору Багдад коалициялык күчтөр тарабынан алынганына 9-апрелде туура төрт жыл толду. Бул датаны утурлай Багдадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жардырууларды алдын алуу үчүн автоунаалардын каттоосуна тыюу салынды. Ал эми шийиттердин ыйык шаары – Наджафта оң миңдеген адамдар бул күндү антиамерикалык демонстрацияга чыгуу менен белгилешти.

Дүйшөмбү күнкү демонстрация шийиттердин радикал динаятчысы жана саясатчысы Моктада ал –Садрдын чакырыгы боюнча өттү. Ал өз жактоочуларын Ирактан чет элдик акерлердин кетишин талап кылуу кылуу максатында көчөгө чыгууга үндөгөн эле. Ирактын желектерин көтөрүп, антиамерикалык ураан –чакырыктарды кыйкырган оң миңдеген адамдар өлкөнүн түштүгүндөгү Куфа деген шаардан Наджафты көздөй жүрүш жасашты. Ал-Садрга караштуу согушкерлер менен ирактык жана америкалык аскерлер акыркы ирээт өткөн аптанын соңунда Багдаддан 180 чакырым аралыктагы Дивания деген шаарда кагылышкан.

Демонстранттардын айрымдары өз акциясы учурунда Кошмо Штаттардын желегин өрттөп да жатышты. Бүгүнкү демонстрациянын төмөнкү катышуучусу Рейтер агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

- Моктада ал-Садрдын чакырыгына жооп кылып, адамдар Ирактагы кылмыш аракеттердин баарын, өзгөчө оккупацияны айыптоо жана четке кагуу үчүн келди. Ал-Садрдын чакырыгы көп талаптарды да камтыйт. Алардын эң маанилүүсү - ирак эли менен парламентин оккупациялык күчтөр Ирактын баардык аймагынан чыгып кетүүсүнүн мөөнөтүн белгилөөнү талап кылууга чакыруу.

9-апрелде АКШ баштаган коалициялык аскерлер Багдадга кирип, Саддамдын режими кулагына туура төрт жыл толду. Өлкөнүн Улуттар уюмундагы ошол кездеги элчиси Мохаммед ал-Дури жагдайды анда мындайча мүнөздөгөн эле:

-Бул - согуш. Согушта жеңүүчү жана жеңилүүчү болот.

Ал эми Кошмо Штаттардын ошол кездеги коргоо министри Дональд Рамсфелд ал күнү буларды айткан:

- Эркин ирактыктар көчөлөрдө майрамдап, Саддам Хусеиндин Багдад борборундагы эстелигин талкалап, америкалык танктарга түшүп жаткан көрүнүштөр көөдөн көтөрөлүк. Аларды байкап туруп, Берлин дубалы жана темир көшөгө кулаган учурду ойлобой коё албайсың. Биз тарых өлкөнүн багытын, адамдардын тагдырын, чөлкөмдүн келечеги аныктоочу окуяларды буруп жатканын көрүүдөбүз.. Али көп уруштар болот, көп адамдардын өмүрү кыйылат. Мында шек жок. Көчөдөгү майрамга карабай, бул али бүтө элек.

Айткандай эле Ирактагы согуш али бүтө элек. Рейтер агенттиги бүгүн келтирген маалыматтарга караганда, 2003-жылдын мартынан бери Кошмо Штаттар Иракта 3281 жоокерин, Британия 140, коалицияга кирген башка өлкөлөр 124 аскерин жоготту. Ал эми Ирактын карапайым тургундары арасындагы чыгым 60 –66 миңдин тегерегинде. Бүгүн Багдадда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ирак редакциясынын кабарчысы жүргүзгөн сурамжылоодо жергиликтүү тургундардын бири, бүгүнкү күндүн маанисин мындайча мүнөздөдү:

-9-апрель чынында кызыктуу дата. Бир сөз менен мүнөздөш кыйын. Биз муну карама-каршылыктуу күн деп айта алабыз. Бир жагынан биз диктатордон кутулдук. Экинчи жагынан эң башкы укугубуз - эркиндикти жоготтук. Эркиндик, демократия, оккупация. Мен мына ушул үч сөзгө кандай чогуу маани берүүнү билбейм.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG