9-апрелдин кечине карай жумушчу топ долбоорго акыркы тактоолорду киргизмекчи. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, учурда мүчөлөрдүн ортосунда атуулдарга конституциялык сотко кайрылууга укук берүү жана бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктарына байланыштуу пикир келишпестиктер бар. Ал премьер-министрдин катышуусу менен боло турган акыркы жыйынтыктоочу жыйында чечилмекчи.
Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы, конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Турсунбек Акун долбоор боюнча өкмөттү дайындоо өзгөртүлгөнүн билдирди:
-Өкмөттүн дайындалуу тартиби мындай болмок болду: премьер-министрди мындай кийин президент көрсөтпөйт, Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтө турган болду. Министрлерди премьер-министр өзү Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш өткөргөндөн кийин президент дайындайт.
Турсунбек Акундун айтымында, ал жаңы конституция боюнча атуулдар адам укуктарына байланыштуу маселеде конституциялык сотко кайрылууга укуктуу болушун жактоодо. Бирок муну менен Жогорку Соттун ыйгарым-укуктары, чечимдери зыян тартып калыш ыктымал деген ойлор да айтылууда.
«Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү Иса Өмүркуловдун айтымында, жумушчу топ негиз катары 2006-жылдын ноябрь айында кабыл алынган конституцияны алды. Ошол эле кезде Бириккен фронттун көпчүлүк сунуштары да эске алынды. Сот бийлигинин куралыш принциби тууралуу Өмүркулов буларды билдирди:
-Жогорку Соттун, Конституциялык соттун мүчөлөрүн Сот иштери боюнча Улуттук Кеңеш сунуштап, Жогорку Кеңеш бекитет жана бошотот. Ал эми жергиликтүү соттордун баарын Улуттук кеңештен сунушталат, президент тарабынан бекитилет.
Конституциянын жаңы долбоорунда президент эки мөөнөткө шайланууга укуктуу. Бирок анын ыйгарым-укуктары чектелүүдө. Андан сырткары Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат. Анын 50% кем эмеси партиялык тизме боюнча шайланат.
Конституциянын өткөөл мезгилине байланыштуу беренеде премьер-министрге талапкерлерди Жогорку Кеңештин фракциялары көрсөтөөрү жазылууда.
Турсунбек Акундун айтымында, конституция кабыл алынгандан кийин премьер-министр Алмаз Атамбаев кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирүүдө. Демек конституция кабыл алынгандан кийин парламенттеги фракциялар өкмөт башчылыгына талапкерлерди көрсөтүп, өкмөт дагы бир ирет жаңыланууга дуушар болмокчу.