Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

ЖЕРҮЙ ЧАТАГЫ: КИМ ТАПШЫРМА БЕРГЕН, КИМ АТКАРГАН?


2004-жылдын августунда Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги британиялык “Оксус Голд плс” компаниясына берилген лицензиясын кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алган. Н.Танаевдин өкмөтү британиялык компания 1998-жылкы келишимдеги шарттарды так аткарбагандыгы үчүн лицензиясын кайтарып алган. 2005-жылдын 24-мартынан бери деле “Жерүй” алтын кенинин айланасындагы талаш токтолбой келатат.

1998-жылы “Кыргызалтын” акционердик коому менен британиялык “Оксус Голд плс” компаниясы келишимге кол коюп, биргелешкен “Талас Голд Майнинг” компаниясы түзүлгөн. Өкмөт британиялык компанияга “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө лицензия берген. Бирок да келишимде көрсөтүлгөн талап-шарттардын так аткарылбай жатканын негиз кылып Н.Танаевдин өкмөтү 2004-жылдын августунда лицензиясын кайтарып алган. Британиялык компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы талаш-тартыш так чечиле электе 2005-жылдын мартында бийлик алмашып, лицензияны кайтарып берүү-бербөө Ф.Куловдун өкмөтүнүн энчисине тийген.

Жаңы премьер-министр Алмазбек Атамбаев депутаттар алдында “Жерүй” алтын кенин иштетүү тууралуу лицензия кантип австриялык компанияга өтүп кетишинин жөн-жайын мындайча түшүндүргөн.

-Мен жанагы “Жерүй”, “Талдыбулак” боюнча тендерсиз токтом кабыл алынып жатканда чыркырап баргам да өкмөткө.”Феликс Шаршенбаевич, мына Өнөр жай министрлигинин расмий корутундусу: “Тендерсиз мүмкүн эмес”, деп. Ошол документтерде К.Бакиевдин колу жок. Феликс Куловдун колу турат.

“Оксус Голд плс” компаниясына “Жерүй” алтын кенин иштетүү тууралуу лицензиясын кайтарбоо чечимин президент К.Бакиев кабыл алганын, өкмөт башчы Ф.Кулов аны аткарууга аргасыз болгонун мына жакында “24.kg” маалымат агенттиги жазып чыкты. Агенттиктин кабарлашына караганда, өкмөт башчы президентке эки сунуш киргизген экен. Британиялык компания менен кызматташтыкты биротоло үзүп салуу, болбосо Кыргызстан үчүн кыйла пайдалуу шарттарда келишимди кайра түзүү. Акүйдүн бир канатында отурган президент өкмөт башчынын катына: “Сиздин биринчи вариантты (Оксус менен кызматташууну үзүп салуу) колдойм” деген кагаз жообун узаткан.

Айтса, Ф.Кулов антип кызматташтыкты чорт үзүп салуу артынан узак соттук териштирүүлөрдү алып келерин атайын белгилеген. Айткандай эле “Оксус Голд плс” компаниясы кыргыз өкмөтүн эларалык арбитраждык сотко берип, ашык-кеми жок 150 миллион доллар өндүрүп берүү талабын коюуда. 50 миллион доллар акча курулушка кеткен ыгым-чыгымдар, 100 миллион доллар алынбай калынган кирешенин эсеси. “Кыргызалтын” акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиев алтын кенине байланышкан иштердин баары Ф.Куловдун жетекчилиги менен жасалган дейт.

- Анан биз Феликс Куловдун, мурдагы премьер-министрдин, түздөн-түз көрсөтмөсү, буйругу менен иш кылып келдик. Анан бүгүнкү күнү тетири сөз чыкканына өзүбүз деле таң калып отурабыз.

М.Жээналиевдин ырасташынча, британиялык компания 1998-жылкы келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбагандыгы үчүн лицензиясынан ажыраган.

- Ошол өкмөттүк комиссия коюп жаткан убакыттын ичинде алар негедир ошол шартын беришкен жок.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев “Оксус Голд плс” компаниясына лицензиясын кайтарып берүү жөнүндө Ф.Куловго бир нече ирет кайрылганын, бирок да ал маселени маалкатып чечпей келгендигин маалым кылды.

- “Премьерсиңби, сен кимсиң? Эмне үчүн эки түрдүү кылып жазасың? Өзүңдүн пикириңди эмне үчүн жазбайсың? Эгерде алың жетпей баратса, кайсы күнү десең ошол күнү биз чогулуп баралы дагы биз аны ынандыралы”, десек болбой койбодубу. Бул 4-апрель күнү, өткөн жылы болгон окуя. Анан 23-майда ал кол коюп жатпайбы. Мен буга ишенбейм. Анткени өзү да ичинде бар.

Парламент депутаты Болот Шерниязов 20 жылдан бери иши жүрүшпөй келаткан алтын кендин маселесин өкмөт арабөк калтырып, талаштуу ишти мыйзам негизинде чечүүгө эрки жетпеди деген пикирде.

- “Жерүй” кенин ишке киргизгенди мындай коюңуз. Мурда кенди чукулап кеткен “Моррисон Кнудсен” деген банкрот болуп кеткен компанияга эмненин негизинде биз аларга 2 миллион 400 миң долларды төлөп берип жатканыбыз түшүнүксүз. Мына, “Кыргызалтын” 1 миллион 600 миңди которуп бериптир. Андан кийин келген “Оксус” компаниясы. Майрам Акаеванын бир инилери башкарган. Эч кандай уруксаты жок каалагандай жерге каалаган объектисин курганга аракет кылган.

Талаштуу лицензияны австриялык “Глобал Голд Холдинг гбмх” компаниясына берген кыргыз өкмөтү быйыл жыл аягына чейин алтын казып алууну баштоо талабын коюуда. Антишке жаңы компаниянын чама-чаркы жетер-жетпесин азыр эч ким айта албайт. Анын үстүнө кыска убакыт ичинде эңгезердей кен иштетчү фабриканы ишке киргизүү кыйын жумуш. Жубанткан нерсе эле “Глобал Голд” кыргыз өкмөтү менен британиялык компаниянын ортосундагы соттук ыгым-чыгымдарды жаап, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө 2,5 миллион доллар акча жыл сайын бөлүп беришке макул болууда.

XS
SM
MD
LG