Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТӨӨДӨ


Өлкөдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Буга 11- апрелде өтө турган митинг себеп болууда. Тынчтык митинг учурунда милиция коомдук тартипти сактай алабы?

Бул күндөрү Бишкекте эки миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алмакчы, дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаев.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги Бакыт Сейитовдун айтымында, 11- апрелде коопсуздукту сактоо иш-чаралары коопсуздук кызматы жана коомчулук менен бирге жүргүзүлөт. Коомдук тартипти сактоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын курамына Чүй облусунун жана Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери көмөктөшөт. "Башка облустардан кошумча күчтөр алынып келинген жок",-дейт Бакыт Сейитов.

"Ошондой эле учурда шаар тургундарын тынсыздандырып турган талап - тоноолорго жол берилбейт, ири соода- сатык жайлар, базарлар, мекемелер, ишканалар катуу кайтарууга алынганын айтып, “уюшкан кылмыштуу топтордун чагымчылык аракеттерине бөгөт коюлат”,- деп кошумчалады Бакыт Сейитов.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Билал Чыныбаевдин пикиринде, 11-апрелде митинг тынчтык менен өтүп, бийлик менен оппозиция экөө бирдей коопсуздукту көзөмөлгө алууга тийиш.

11-апрелде өлкө аймагынан Алатоо аянтында өтө турган тынчтык акциясына келүүчү атуулдардын коопсуздугун сактоо иш- аракеттери көрүлөөрүн, ар бир топто коопсуздук кызматы түзүлөөрүн жана оппозиция тараптан тартип сакталаарын “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронтунун басма сөз катчысы Азамат Калман билдирди.

Ооганчы жоокерлеринин ардагерлер кошунунун төрагасы, генерал-лейтанант Абдыгул Чотбаевдин айтымында ооганчылар 11- апрелде бейтараптыкты сактап, оппозиция менен бийликтин ортосунда данакер болуу менен коопсуздукту көзөмөлгө алышмакчы.

Өкмөттүн жыйынында премьер- министр Алмазбек Атамбаев да коопсуздукту сактоого басым жасалаарын айтып, “тынчтык митингге чыккан элге каршы милиция күч колдонбойт” деди.

Милицияга эле ишенип койбой ар бир атуул өздөрү да сак болуп, митинг тычтык маанайда өтсө деген тилегин билдирди бишкектик Алмаз Кудайбергенов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG