Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

УКРАИНА : ЖОГОРКУ РАДА ЕВРОПА МАМЛЕКЕТТЕРИН ЖАРДАМГА ЧАКЫРДЫ


Украинанын Жогорку Радасы 9-апрелде өткөн шашылыш жыйынында президент Виктор Ющенко менен болгон тирешүүнү жөндөө үчүн Европа мамлекеттерин жардамга чакырды. Раданын кайрылуусунда Ющенконун парламентти таркатуу аракети Конституцияны бузуу катары бааланат. Кезексиз парламенттик шайлоого катар президенттик да шайлоо да өткөрүлсүн, удаа эле Украинаны НАТОго мүчө болуусу боюнча референдум да болсун, деп айтылат кайрылууда.

Европа өлкөлөрүн Украинадагы саясый кризистен чыгууга жардамдашууга чакырган кайрылууну Жогорку Раданын дүйшөмбү күнкү жыйынына келген 257 депутат колдоду.

Саясый кризиске парламентте көпчүлүктү түзгөн коалициянын өз катарына башка партиялардын ондогон мүчөлөрүн “азгырып” кетүүсү түрткү берген. Мындай амал менен парламенттик көпчүлүктү түзүүнү президент Ющенко Конституцияны бузуу катары баалап, 2 –апрелде Жогорку Раданы таркатуу 27- жана майда жаңы шайлоо өткөрүү жөнүндө жарлык чыгарган.

Премьер- министр Янукович президенттин жарлыгын “мыйзамсыз” деп атап, өнөктүктү каржылоодон баш тарткан.

Тарсалардын Пасха майрамы күндөрү да Украинадагы саясый эрөөл уланып жатты. Ишемби күнү Виктор Ющенко Жогорку Раданы таркатуу жөнүндөгү чечиминен артка кайтпасын кайра кайталады:

- Менин чечимим конституция чегинде жана мыйзамдуу болгондуктан, мен артка тартпайм. Коомдо тирешүү болбойт, ага мен кепил өтөм. Күч органдары Украин президентинин буйругунан чыкпайт. Жаңы шайлоо эркин жана адилет өтөт.

Ал эми премьер- министр Янукович элди тынчтанууга жана Конституциялык Соттун чечимин күтө турууга үндөдү. Бирок, сот парламентти таркатуу боюнча президенттин жарлыгына өз баасын бир айдын ичинде берет деген жоромолдор айиылууда.

Оппозиция болсо 11- апрелден тарта Ющенконун жарлыгын колдоп, мөөнөтсүз акция өткөрүүнү мерчемдеп жатат.

Мындай шартта Жогорку Рада дүйшөмбү күнү Европа өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларына, өкмөттөрүнө, парламенттерине, Украинанын коопсуздугуна кепил өткөн өлкөлөргө, мамлекеттер аралык жана парламенттер ортолук институттарга жардам сурап кайрылды. Кайрылууда президенттин жарлыгы “өкмөттүк төңкөрүш” ирети бааланып, жагдайдын тынч өнүгүүсү үчүн Европа өлкөлөрүнөн Украинага байкоочуларды жиберүүсү суралат. Ошондой эле кезексиз парламенттик шайлоого удаа президентти шайлоо жана НАТОго кошулуу боюнча референдум өткөрүүну сунуш кылынат.

Украинадагы курч кырдаалга байланыштуу Россия, АКШ жана Евробиримдик өз тынчсызданууларын билдирген.

XS
SM
MD
LG