Көгүлтүр отун сатып байыган Катар өлкөсүнүн ордо калаасы Дохага олтурумга катышуу үчүн 14 өлкөнүн газ өндүрүү тармагын тейлеген министрлери келген. Анализчилер кыйытуусунда алар олтурумду ОПЕК (карамай сатуучу өлкөлөр уюмуна - ММ) окшош - көгүлтүр отун сатуучу өлкөлөрдүн да уюмун түзүшөт. Ал өлкөлөр өнөр жайлары өз ара атаандашууну коюшат. Алар газдын баасын көтөрүш үчүн ошондой маакулдашууга барышат. Анан каалагандай баа бычып ал уюмга мүчө мамлекеттердин маруусу башталат дешет.
Die Tageszeitung жазганга караганда «көгүлтүр отундук ОПЕК уюштуруу - чын-чынына келгенде Батышты коркутуп-үркүтүү максат менен Маскөөнүн жасап аткан саяcий оюну».
Газды сатууда биргелешкен уюм түзүү демилгесин үстүдө жылдын 29-январында Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов ырасмий иш сапары менен Тегеранда жүргөндө Ирандын диний лидери аятолла Хаменеи көтөргөн.
Бир нече айдан соң Орусиянын президенти Владимир Путин да араб өлкөлөрүндө жүрүп көгүлтүр отунду башка өлкөлөргө сатып жүргөн мамлекеттердин биргелешкен уюмун түзүү «кызык мүдөө» деп айткан:
«Биз мындай демилгени колдойбуз жана ага эки жеңди түрүп салып киришебиз. Уюштурулушу жагынан ал эмнеге алып келет биз азырынча билбейбиз, бирок (башка өлкөдөгү – ММ) кесиптештердин иши менен өз ишибизди айкаштырабыз», - деген эле.
Ошого карабай эксперттердин болжолунда «Газпром» компаниясы болсун же Энергетика министрлиги болсун көгүлтүр отунду четке чыгарып сатуу үчүн азырынча даярдык жок.
Кечээ маалым болгондой олтурумда Египет менен Индонезия картелди уюштурууга каршы экендигин билдирген.
Анализчилер болжолунда кийинки учурда Маскөөнүн жүргүзүп аткан карамай саясаты өнүккөн өлкөлөрдүн көөнүнө тийген. Эми көгүлтүр отун сатуучу мамлекеттер өнөр жайлары тил табышып кетсе анда дүйнөдө газды да саясий курал кылып алып кысым көргөзүү башталат дешет.