Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

А. МУРАЛИЕВ: КЫРДААЛДАН ЧЫГУУНУН ЭКИ ЖОЛУ БАР. БИРИ - ПРЕЗИДЕНТТИН ОТСТАВКАСЫ...


11-апрелдин алдында мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев "Азаттыктын" "кырдаалдан чыгуунун жолдору барбы?" деген суроосуна жооп берди.

- Амангелди мырза, өлкөдөгү азыркы түзүлгөн кырдаалды кандай баалайсыз, анан бийлик, өзгөчө президент Бакиев ушул шартта эмне кылыш керек деген ойдосуз?

- Биринчиден, өлкөдө кырдаал курчуп атат, негизинен эки жылдан бери кризистен чыга албай турабыз. Саясий кризис элди да чарчатып бүттү окшойт. Бул кризистен сөзсүз чыгыш керек. Мыйзам ченемдүү болуш керек кризистен чыга турган иш-чаралардын жолдору. Мыйзамдарды анализдеп көрсөк, бизде эки эле вариант бар экен. Биринчи варианты - бул президентибиз Курманбек Салиевич өз ыктыяры менен отставкага кетсе, анда бир топ маселелерди чечсе болмок эле. Мындай жол Конситуцияда жазылган. Анда парламенттин төрагасы өлкөнү башкарып калат эле. Төрага негизинен реформаларды өткөрө турган жаңы өкмөт түзүш керек, андан кийин экономиканы оңдоп, коопсуздукту карап, социалдык маселелерди чечиш керек. Бирок бул убактылуу өкмөт болуш керек. Себеби дароо эле Конституцияны өзгөртүш керек. Конституцияны өзгөртүү жолунда бир конгресс түзүш керек. Ал жерге аткаруу бийлигинен, парламенттен, сот бийлигинен, партиялардан жана башка коомдук кыймылдардан лидерлериби же адистериби - кирип, Конституцияны иштеп чыгышса. Андан кийин президентти, анан парламентти шайлаш керек. Бул бир жолу.

- Экинчи жолу кандай?

- Экинчи жолу татаал жол. Эмне үчүн дегенде мен түшүнүп атам, президент отставкага кетпейт. Экинчи жолу конструктивдик жол болуп атат. Президент азыр реформаларды жасай турган өкмөттүн курамын түзүп чыгыш керек. Себеби азыркы өкмөт коалициялык өкмөт болбой калды. Анткени бул өкмөттүн курамына “Бириккен фронттун”, “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү кирген жок. Ошондуктан азыр президент сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анан жаңы кадамга барыш керек. Негизи реформа жасай турган өкмөттү түзүш керек деп ойлоп атабыз.
Ошондой өкмөт түзүлсө “Бириккен фронттун”, “Реформа үчүн” кыймылынын жана башка саясий органдардын лидерлери кириш керек ушул өкмөткө. Ошондо бул өкмөт иштеп чыгат эле, анан президент дароо эле Конституцияны реформалоо үчүн конгресс түзүп, ал Конституцияны иштеп чыгып, шайлоо өтүш керек, президентти да, парламентти да шайлаш керек. Экинчи варианты азыркы абалга жакын болуп атат. Ноябрдагы Конституция болду, андан кийин декабрдагы Конституция болду, ошондой оюндар болуп кетпеш үчүн бул абалга жараша Казакстандан, Орусиядан салмактуу лидерлерди же саясатчыларды чакырып, алар ушул процесске күбө болуп берсе дейм. Ошондо балким саясатчылар ойнобойт эле.

- Амангелди мырза, 11-апрелде сиздин болжолдоруңуз боюнча эмне болот Кыргызстанда?

- 11-апрелде эмне болот? Менин оюмча, митинг болот, андан коркпош керек. Митингдердин күчү бул элдин сөзү, пикири да, толук элдики болбосо да элдин жарымынын пикири болуп атат. Ошон үчүн маселе ушундай курчуп турганда буларга тоскоолдук кылбаш керек. Митингге чыккандар тынчтык жолу менен, мыйзамдарды бузбай митинг өткөрүшү керек. “Бириккен фронттун” кээ бир терминологиялары жакпай жатат, мисалы, орусча айтканда задавим, кыргызча айтканда, басым кылып, бийлик алабыз деген терминология коркунучтуу болуп атат. Ошон үчүн элдин биримдиги болушу керек, кан төгүлбөш керек, тартипти кармаш керек. Эч бир жарандын мүлкү уурдалбасын, жоголбосун, кан төгүлбөсүн.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Кубат Оторбаев, Бишкек

XS
SM
MD
LG