Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА ЧЕТ ЖЕРДЕГИ КЫРГЫЗДАР ДА ТЫНСЫЗДАНУУДА


Орусия жана Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын “Замандаш” ассоциациясы бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырган кайрылуу кабыл алды. Чет жерде иштеп жана жашап жүргөн кыргызстандык атуулдар 11- апрелде баш-аламандыктар болуп кетсе, митингди уюштурган тарап жана бийлик жоопкер болорун билдирди.

Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоцициясынын президенти Жума Абдуллаевдин айтымында, чет жерде эмгек мигранты болуп жүргөн мекендештер өлкөдөгү кырдаалга тынсызданып, бийлик менен оппозицияны баардык маселелерди сүйлөшүү, макулдашуу жолу менен чечүү үчүн кайрылуу жөнөтүшкөн.

- Ушул тирешип турган бийлик менен оппозицияга алыста жүргөн мекендештери Кыргызстандын келечегин ойлосоңор, ортого келип, сүйлөшүп, бүгүнкү акыбалдан тынчтык жолу менен алып чыккыла деп кайрылат. Эрешишүүнүн арты эч жерде жакшы натыйжа берген эмес. Ортодо карапайым эл гана жабыр тартып калышы ыктымал.

Орусиянын Ростов на Дону шаарындагы кыргыздардын “Манас” улуттук маданий борборунун жетекчиси Руслан Эшимов “өлкөдөгү саясый кырдаалдан, митингдерден чочуган орусиялык ишкер өнөктөштөр инвестиция алып келбей, кийинки жылдары буйуртма өлүмдөр көп болгону чочутуп жатат” дейт.

11-апрелде митинг тынчтык менен өтсө деген тилегин Алматы шаарында курулушта иштеп жүргөн караколдук Канат Карыбаев билдирди.

Алты жылдан бери Орусиянын Оренбург шаарында иштеп, жашап жаткан таластык Чынара Сатаева алыста жүрсөк да Мекенибиз көздөн учуп, митинг, акциялар тынчтык менен өтсө, башка улуттарга уят болбосок деген пикирин телефон аркылуу билдирди.

Казакстандын Астана шаарындагы уулдарында ардактуу эс алууда жүргөн Канышай Акунова да эл- журтка ынтымак каалап, "бийлик менен оппозиция митингдеги коопсуздукту сактаса" деди.

Алыскы чет өлкөлөрдүн биринде жүргөн “Мекен-Туу” партиясынын лидери Урматбек Барктабасов да өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына кайдыгер карабагандыгын айтып, митинг учурунда элдин коопсуздугуна эки тарап тең жоопкер дейт.

- Буга чейин дагы эки тарапты элдештирүүгө, сүйлөшүүгө чакырган аракеттерден майнап чыкпады. Калкка кадырлуумун даген аксакалдар унчукпай кайдыгер болуп турганы да өкүндүрөт. Биз элдин келечеги, экономиканын өнүгүүсү үчүн кабатырланып, эки жаатка бөлүнгөндөрдү тынчтык жол менен маселени чечкиле деп өтүнүш керек, -деди Урматбек Барктабасов.

Урматбек Барктабасовдун пикиринде, 11-апрелде башталуучу мөөнөтсүз митингде баш-аламандыктар болсо, аларды уюштургандар жана бийлик жоопкер болот, ал эми шаардыктардын, ишкерлердин коопсуздугун сактоо үчүн болгон аракеттерди жумшоо керек.

Орусиянын Ростов на Дону шаарындагы кыргыздардын “Манас” улуттук маданий борборунун жетекчиси Руслан Эшимов болсо өлкөнү ушул абалга президент Курманбек Бакиев өзү апкелди деп эсептейт:

- Ноябрь айында канча миңдеген кишилердин талабы менен кабыл алынган Башмыйзамды кайра жаңы жылдын алдында өзүм билемдик менен өзгөртүп алды. Өзү будуң-чаң кылып жатат. Конституция деген элдин Конституциясы болуш керек. Ушунун айынан кыргызстанга чет өлкөлүк инвесторлор барбай жатат.

Президент Курманбек Бакиевдин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону талап кылган митинг 11-апрелде бүгүн саат 14дө башталат. Чет жерде жүргөн кыргызстандык мигранттар, мекендештер да өлкөдөгү кырдаалга көз салып, кулак түрүп, митинг тынчтык маанайда өтүшүн каалап турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG